Атамбаев “Кыргызгазды” эмне үчүн 1 долларга саткан?

Экс-президент А. Атамбаевдин доорунда “Кыргызгаз” ишканасы россиялык “Газпром” компаниясына “символикалуу” түрдө деп бар болгону 1 долларга сатылып кеткенин жакшы билебиз. “Эгерде 1 долларга сатсаңар, мен деле алып коеюн” деген саясатчылар чыккан, бирок, андай сунуштарга АШАнын бийлиги көңүл бурган эмес.

Эмнеге килейген мамлекеттик ишкана 1 долларга сатылды эле? Аны өзүнүн деңгээлиндеги эле баага сатса болбойт беле? Болот болчу. Же болбосо, өзүбүз эле тийиштүү деңгээлде иштетсек кандай болмок? Ал үчүн “Кыргызгазды” коррупциядан арылтып, олчойгон карызга батырган чиновниктерди жоопкерчиликке тартыш керек эле.

Тилекке каршы, А. Атамбаев үчүн “Кыргызгаздын” олчойгон карызга батышы, аны 1 долларга сатууга эң сонун шылтоо болуп берген. Ал эки сөзүнүн биринде эле өзүн Россия президенти В. Путин менен досмун деп мактана берчү экенин билебиз. Мындай аракети менен ал “Россия Атамбаевди колдойт экен” деген эл арасында пикир жаратууну көздөгөнүн эми түшүнүп турабыз. Көрсө, экөө эч кандай дос эмес эле, жөн гана убагында кесиптеш катары жакшы мамиледе болгонун билдик.

А. Атамбаев “Кыргызгазды” “Газпромго” сатып атканда “көгүлтүр отту” эми арзан баада ала турганыбызды айтып мактанган. “Бизге “Кыргызгаз” керекпи, же арзан газ керекпи?” деген суроону берип, анан ага жоопту да “арзан газ керек” деп өзү айтып койчу экенин унута элекпиз. Бирок, биз “Кыргызгазды” “Газпромго” бергенибиз менен ЕАЭСтин курамындагы башка өлкөлөр сыяктуу Россиядан газды арзан баада ала албайбыз.

Ачык мисал келтирели, ЕАЭСтин курамындагы Белоруссия газдын 1000 кубун Россиядан 120 доллардан алат. Ал эми Кыргызстан 216 доллардан. Айырма эки эсеге жакын. Эгерде А. Атамбаев В. Путин менен чындап дос болсо, бул айырмачылыкты жоет эле го?

Экинчиден, жаратылыш газы бизге Россиядан түз газ түтүгү аркылуу келбейт. Себеби, анда түз келген газ түтүгү жок. Биз “Газпромдон” алып атабыз деген газды, Өзбекстан, Казакстандан алып атабыз. Демек, “Газпром” Кыргызстанга газ жеткирүүүчүн Өзбекстан, Казакстан менен келишим түзөт жана алардын да кызмат көрсөтүүлөрү кошулуп, бизге үстөк баа менен келет.

Эгерде Атамбаев ошончолук көрөгөч жетекчи болгондо, ал Россияны ортомчу кылбай эле Өзбекстан жана Казакстан менен түз келишим түзсө болбойт беле? Кандай болгон күндө да бул багытта сүйлөшүүлөр болгондо, бизге газ алдаканча арзан баада келет эле.

Бирок, АША үчүн андай жол ыңгайсыз болсо керек. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу үчүн “Кыргызгазды” Кулмурзаев досу аркылуу 46 млн долларга карызга батырып туруп, бир канча имараттары, газ түтүктөрү сыяктуу толгон-токой активдери бар республикабыздагы стратегиялык маанидеги чоң ишкананы “Газпромго” 1 долларга сатып жиберген.

Атамбаев “Газпромдун” башчысы А. Миллер менен да досмун деп мактанчу экенин билебиз. Балким анын ушинтип мактанганын жандырмагы ушул жерде болуп жүрбөсүн? Ал “достук мамилесин” мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгондур же “достук мамиленин” арты менен өз кызыкчылыгын жүзөгө ашырып алгандыр.

Балким, тиешелүү органдар мына ушул “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышы боюнча да иликтөөлөрдү жасап көргөндөрү туура болор.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу