Атамбаев КСДП талапкерди кантип тандаганын айтып берди

Президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын атынан президенттик шайлоого талапкер катары ат салышкан партия мүчөлөрү тууралуу оюн билдирди.

Ал парламент спикери, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков абдан жакшы иштеп бергенин билдирди.

«Бирок, адам деген адам да. Адашпаган мүдүрүлбѳгѳн киши болбойт. Биз буга чейин социалдык тармактардан үч сурамжылоо жүргүздүк. Анда Сооронбай Жээнбеков биринчи, экинчи Сапар Исаков болду. Бул негизи КСДПда дагы бир жакшы кѳрүнүш» деди Атамбаев.

Ошондой эле партия мүчөсү партиянын чечим менен макул болбосо анда партиядан чыгууга туура келээрин кошумчалады.

Эске салсак Социал-демократтар партиясы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке жалгыз талапкер катары көрсөткөн. Бирок, партиянын курултайында Чыныбай Турсунбеков да президенттикке ат салышуу дымагын билдирген. Ал эми аталган партиянын жаштар канаты ажолукка талапкерлдир праймериз аркылуу тандоо сунушун айтып чыгышкан эле.

Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу