Атамбаев КСДПдан айдалганы калды.

Барган сайын, Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясын колдон алдырып жибермей болдум деп күн сайын истерикасы күчөп атыптыр. Аны сооротуп, Фарид Ниязов кайра-кайра Кундуз Жолдубаева аркылуу билдирүүлөрдү таратып, “эч кандай тынчсызданууга негиз жок”деп сайратып атат. Негиз жок болсо, анан эмне чычалашат десеңиз?

Анткени, алар канча жашырганы менен партиянын 95 пайызы азыр Атамбаевдин партиядан чыгарылышын талап кылып жатканын эң жакшы билишет. Сагынбек Абдрахманов Ошко бир жолу барып келгенден кийин, башка региондордогу санаалаштар менен кеңешип “ишти КСДП базасы болгон Чүй облусунан баштап, ушул жердин мүчөлөрүн тарта алсак, калгандары даяр экен” деп бирден айылдарды кыдырып, партия мүчөлөрүнүн арасында агитация жүргүзгөнүнө бир айдай болуп калды. Баардыгы эле оңой болгон жок. Бир канча активисттерди Атамбаев өзү көрүшпөсө дагы, салам айттырып, конверт таратып өзүнө тартканга аракет кылып жатканы айтылып жүрбөйбү? Бир канчаларына каршы коркутуу үчүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жөнөтүп көрүптүр.

Бирок мүчөлөрдүн көбүнчөсү “биз көчөгө чыга албай калдык, элдерден уялып атабыз, күнүгө сөз угабыз, Атамбаевди партиядан чыгарышыбыз керек, анын жеке катачылыктары үчүн элден кечирим сурап, кайра ишеним топтоого аракет жумшайлы”деген позицияга келишкени чындык да. Азыр даярдык иштер аяктап, райондук конференциялар ушул айдын этегинен баштап өтмөй болгону айтылды.

«Күзгө чейин саясий кеңештин мүчөлөрү съезд дайындоого аргасыз болушат” деген активисттер, сөзсүз, эртеби- кечпи максаттарына жетээринде шек жок.

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу