АТАМБАЕВ КЕТИП, АТКОШЧУЛАРЫ КАМАЛСЫН ДЕГЕН “ЭЛДИК ПАРЛАМЕНТ” МҮЧӨЛӨРҮН 18 ЖЫЛГА ЧЕЙИН КЕСҮҮ СУНУШТАЛУУДА

16-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен былтыр камалышкан Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдун ишин карап, анда мамлекеттик айыптоочулар Талгарбеков менен Колубаевге 18 жыл, Гусев, Калматов, Марат Султановго 16 жыл жаза мөөнөтүн сурады.

Бул күнкү соттук процестте жарыш сөз башталды. Кийинки отурумда жактоочулар, андан кийин айыпталуучуларга сөз берилет. Ишти сот жабык карап жатат.

“Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын жогоруда аты аталган мүчөлөрүн “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен 2016-жылдын май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган.

Эскерте кетсек, анда “Элдик парламенттин” төмөнкү негизги талаптары ачык айтылган:

— Атамбаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетүүсү;

— Чыныбай Турсунбеков, Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана Тургунбек Калмурзаевдерди сот жообуна тартуу;

— 2010-жылдагы июнь трагедиясына күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча Гаага трибуналына кайрылуу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу