Атамбаев: “Казакстандын президенти тууралуу эмоционалдуу айтканым туура эмес болгон окшойт”

Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында студенттерге стипендия тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Анда, адаттагыдай өлкөдө болуп жаткан окуяларга өзүнүн пикирин айтып жатып, кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги абалга карата оюн айтты.

“Кыргыз мамлекетинин бардык соода экспорттук жолдору Казакстан аркылуу өтөт” деп Казак аткаминерлери айтып жатышат. Биздин башка да коңшуларыбыз бар. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан менен мамилебиз абдан жакшы”, – деди президент.

“Мен Казакстандын президенти тууралуу эмоционалдуу айтканым туура эмес болгон окшойт. Мен ал тууралуу ошол күнү эле ойлонгом. Казак президенти өзүнүн айланасындагыларга ишеними бекем. Бул ишенимдеги адамдар олигархтар. Ал менимче мен сыяктуу эле абдан ишенчээк окшойт”, – деп кошумчалады Атамбаев.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу