Атамбаев июндун ортосунда Россияга эмнеге барары белгилүү болду

Мамлекеттик иш сапар — кайсы бир өлкө менен эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлге жеткенин баса белгилөөчү иш-чара.

Президент Алмазбек Атамбаев июндун ортосунда Россияга мамлекеттик сапар менен барарын, учурда анын күнү такталып жатканын мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Апрель айынын башында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуусу учурунда Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапар менен барары айтылган.

Мамлекеттик иш сапар — кайсы бир өлкө менен эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлге жеткенин баса белгилөөчү иш-чара.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу