Атамбаев Индияда беш жылдыздуу мейманканасын кайсыл каражатка курган?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башында турган кезинде деле Индиянын Гоа курорттук зонасына «кыска мөөнөттөгү эс алууга чыкты» деп эле ат тезегин кургатпай кете берчү экенин билебиз. Бийликтен кеткенден кийин деле ошол эле Гоага каттап жүрөт. 11-январда да ошол жакка 10 күндүк эс алууга бара турган болуп атып, казак олигархы Булат жеке самолетун берүүдөн баш тартып койгонунан улам барбай калды. Мындан улам коомчулукта “Атамбаевдин Гоада кандай кызыкчылыгы бар?” деген суроо жаралган. Бул тууралуу Фейсбуктагы «Инсайдер Кыргызстан» тайпасы жазып чыкты.

Көрсө, ал жакта АШАнын 5 жылдыздуу отели бар экен. Аны ал президент кезинде курдуртуптур. Ошону курдуртуп алгандан кийин эле “эс алып келет элем” деп Индияга каттап калган экен. Эми сурообуз бар, ошол 5 жылдыздуу отелди ал кайдан тапкан акчасына курдуртту эле? Өзүнүн убагында ишке ашырган ири долбоорлордо жойлоп кеткен коррупциялык схемалардан табылган акчага эмеспи?,- деп кошумчалаган «Инсайдер Кыргызстан» тайпасы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу