Атамбаев Илмиянов эмне үчүн орден алганын айтып берди

«Бүгүн Алмазбек Атамбаев Бишкекте мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында сүйлөп жатып, эмне үчүн Илмияновго орден бергенин түшүндүрдү.
“Икрамжан Илмиянов – бул жалгыз кыргыз, жогорку кызматтан баш тарткан” деди. Икрамжан Илмиянов депутаттык орундан да баш тартканын” айтты Алмазбек Атамбаев.
Ошондой эле, “Бардыгы айта башташат Атамбаев өз адамдарына сыйлык берип баштады деп. Кантип мен сыйлык бербей коём. Анын өнүгүүгө жана реформанын жүрүшүнө алты жыл ичинде кошкон салымы чоң. Илмиянов 18 жылдан бери мен менен бирге. Биздин өлкөдө мындай адамдар көп болсун ” деп кошумчалады.
Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу