Атамбаев жердештерине “калкалап койгула” деп бардыбы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн бийлиги гүлдөп турган учурда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына хансарай салдырып алганын коомчулук жакшы билет. Ал хансарайды мамлекеттин акчасына эмес, досторунун жардамы менен салганын өзү да айтып берген.

Бирок, мамлекет башында турган адамдын алган ар кандай белектери, жардамдары пара болуп саналарын кыязы ал бийликтен кеткенден кийин түшүнүп калды окшойт. Эгерде аны мурдараак билгенде, “Таластагы театрдын курулушун аякташ үчүн досторум баланча миллион берди, резиденциядагы үйдү досторумдун жардамы менен куруп алдым” деген балп этмелерди айтпайт эле.

Бизге жеткен маалыматка караганда А. Атамбаев бүгүнкү күндө өзүнүн Кой-Таштагы хансарайында жашап атыптыр. Ал эми резиденциядагы хансарайынан чыгып кеткени маалым болду. “Эмнеге ал мындай кадамга барды?” деген суроо албетте жаралбай койбойт. Эч ким куубаса, “чык эшикке” дебесе, анда ал эмне үчүн өзү эле резиденциядан чыгып кетти?

Жообу жөнөкөй эле. Бүгүнкү күнгө чейин анын ишенген кадрлары коррупция беренеси боюнча айыпталып, алды камакка алынды, арты сурак берип жүрөт. С. Исаков, К. Кулматов, А. Калиев сыяктуу жан-жөкөрлөрү миллиондорду мойсоп коюшканын эл ачык эле түшүндү. Дагы бир “жөөкөрү” А. Ибраимовго да кылмыш иши козголду.

Ошондон улам А. Атамбаев резиденциядагы үйүндө тынч жата албай калган сыяктуу. Себеби, анын жан-жөкөрлөрү аралашкан коррупциянын түбү келип эле Атамбаевге келип такалат эмеспи. Анан “Бул жакта жата берсем, мени бир күнү оңой эле кармап кетишет, андан көрө Кой-Таштагы жердештеримдин жанына барайын, алар мени калкалап калышар” деген үмүттү артынып барган сыяктуу.

Бирок, кой-таштыктар да коррупционер жердешин эч качан коргобой турганын, деги эле мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, коррупция менен күрөшүүнүн колдоо үчүн жердешчилик маселесин биротоло жыйыштыруу керек экендигин айтып жүрүшөт. Андыктан А. Атамбаев кайда жашаса да, акыры жоопкерчиликтен алыс качышы өтө кыйын.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу