Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган жок

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган жок. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы да тастыктады. Атамбаевдин президенттик посттон кеткенден бери расмий жана коомдук иш-чараларга катышпай калганы коомчулукта айтылып келет. Анын бийлик тарабынан эле эмес, жарандык коом, эл аралык коомчулук тарабынан да көңүл сыртында калтырылып жатканы ар кандай пикирлерди жаратууда. Эл арасында Атамбаевди ири коррупциялык иштерден баштап бийликти узурпациялоого чейин айыптаган пикирлер күч. Бул жагдайлар анын коомчулук тарабынан жерүүгө кабылып, анын айынан элден чыгып калганы көп айтылат.

Атамбаевге салыштырмалуу дагы бир экс-президент Роза Отунбаева расмий жана коомдук, жадагалса эл аралык кадыр-барктуу иш-чараларга да ар дайым калтырбай катышып келет. Жакында эле анын Президент Сооронбай Жээнбеков экөөнүн “Мекендештер” форумуна катышып, чогуу баарлашканы кызуу талкууланган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына башка мамлекеттерден Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри катышуу ниетин билдиришкен. Ошондой эле Монголиянын президенти да бул иш-чарага катышуу убадасын берген.

Буга чейинки Оюндарда чакырууларды жиберишкенине карабай башка өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келүүдөн карманышып, алыстан гана куттуктоо каттарын жөнөтүү менен чектелишкен болчу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу