Атамбаев доорунда соттордун «атасына» айланган Манас Арабаев качан мыйзам алдында жооп берет?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалында сотторго басым жасоо, кандай чечим кабыл алышы керек экендиги тууралуу көрсөтмө берүү жогору жактан болуп келгени коомчулукка жашыруун деле болбой калды. Ошонун баарын убагында КР президенттик аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген Манас Арабаев жасап келген экен. Бул тууралуу акыркы бир нече айдан бери маалымат булактары кеңири жазышты.
Анын саясий заказдарды аткараары, соттордун куратору болуп алганы, соттордун чечимдерине түздөн-түз кийлигише турганы тууралуу абакта жаткан Карганбек Самаков да өлкө жетекчисинин, Жогорку соттун, баш прокурордун жана омбудсмендин атына кайрылуу жазганын билебиз. М. Арабаев президенттин ишеними көрсөтпөөсүнүн натыйжасында кызматтан айдалгандан кийин, бул көрүнүшкө ЖК депутаты А. Шыкмаматов мындай комментарий берген: «Көрүнүп тургандай, бул бөлүм аталышы боюнча сот реформасы боюнча бөлүм. Ыйгарым укуктары – сот реформасы боюнча эффективдүү идеяларды сунуштоо, сот реформасы боюнча президентке жардам берүү. Жалпысынан президенттин сот реформасы боюнча ыйгарым укуктарын практикалык реализациялоодо компетенттүү орган болуп саналат. Арабаев бул укугунан кыянаттык менен пайдаланып жана реформага кайчы келген аракетти жүргүздү». Айтор, Ө. Текебаевдин, К. Самаковдун, А. Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча соттук териштирүүлөргө М. Арабаев түздөн-түз таасир эткен. Булардан сырткары дагы бир топ кыңыр иштерге аралашып калганы да билинүүдө. Маселен, ал кытайлык ишкерлерден 280 батирлүү көп кабаттуу үйдү, алтын кенин жана «Синьхуа» ресторанын рейдерлик жол менен тартып алган экен. Анын мындай аракетинин арты менен учурда Рустам Воинов жана Рустам Маманов камакта жатат. Башкача айтканда, мындан алты жыл мурун Кытайдан келген инвестор Гао Жин Вей Рустам Воиновдон кызылдай акчага Кулатов-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң жер тилкесин жана курулуш компаниясын сатып алган. Гао Жин Вэй ал жерде 280 батирлүү «Даймонд Сити» аттуу көп-кабаттуу үй курган. Күндөрдүн биринде Гао Жин Вэйге анын сатып алган курулуш компаниясы, жер тилкеси жана өзү курган имараты ага таандык эмес болуп калганы белгилүү болот. Көрсө, Рустам Воинов ошол убактагы сот системасынын куратору Манас Арабаев аркылуу сатып алуу келишимин жокко чыгартып алган болот. Муну Манас Арабаев өзү койгон Свердлов сотунун төрайымы Жаркеева Эльвирага тапшырма бердиртип кытай ишкердин бизнесин Рустам Воиновго тартып берет. Андан кийин Р. Воиновдон алып Саттаров аттуу адамга каттатат. Мындан тышкары дагы бир кытайлык ишкер Чен Мао Чундун түштүктөгү «Баткен майнинг» алтын кени жана Бишкектеги Панфилов паркынын жанында жайгашкан «Синьхуа» аттуу ресторанын ушундай эле жол менен тартып алган. Муну ал өзү жумушка орноштурган Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова аркылуу жүзөгө ашырган.
Ошентип ал өзүнүн кызматтык абалын жеке финансылык абалын чыңдоого гана колдонгон. Анын айынан канчалаган адамдар бизнесин тарттырып, ак жеринен күйүп отурушат. Андыктан М. Арабаев эми мыйзам алдында жооп береби, же жумуштан айдалган боюнча кала береби деген суроо жоопсуз калып келет.  

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу