Атамбаев дагы уят болобу?

Экс-президент эртең, 16-апрелде КСДПчы депутаттарды чакырып жыйын өткөрөт экен. Журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн булактарына таянып жыйын тууралуу мындай пикирин жазды:

«Дүйшөмбү күнү экс-Президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын депутаттары менен резиденцияда жолугушуу өткөрүүгү пландап жатыптыр.
Жолугушууда Премьер министр Сапар Исаковдун отчетун кабыл алып берүү өтүнүчүн айтат экен. Андан тышкары, Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча пландарын айтып, КСДП фракциясынын депутаттарын жардам бергиле деп суранат экен. Дүйшөмбү күнү эрте менен саат 10:00дө депутаттарды Совет-Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жайшашкан «Нават» чайханасынын жанынан 1 автобуска салып кетет экен. Журналисттер ошол убакта барып кимдер келгенин көрсөңөр болот.

Мейли, бул эми саясаттагы болуп келген тирешүүнүн ыкмалары. Бирок, кыргызда саясаттан дагы улук, ата баба салтында сакталып келген нарк-насилдер бар.

Бүгүн эле Жээнбековдор бир тууганы маркум Кантөрө аганын жылдык ашын беришти. Кыргызда муну ак кийди деп коет. Мындай мезгилде жакшы сөз айтып жубатып, көңүлүн көтөрөт кыргыздар бири-бирин. Дүйшөмбү күнү маркум Кантөрө ага жетекчи болуп иштеп кеткен Жалал-Абаддагы окуу жайында анын илимий эмгектерине арналган эскерүү иш-чара өтөт экен. Ал иш чарага Асылбек Жээнбеков катышса керек. Ушундан пайдаланып, Экс-президент КСДПчы депутаттарды чогултуп кутум уюштуруп жатканы өтө туура эмес. Бул адамгерчиликке, нарк-насилдерибизге, кыргызчылыгыбызга туура келбеген жорук!

КСДПчы депутаттар дүйшөмбү күнү сыналат окшойт. Эми кимдер автобус менен резиденцияга бараарын көрөбүз. Ошол күнү кимдин ким экенине баа берчү убакыт»,-дейт ал.

Жашыруун өтмөк болгон жыйыны ачыкка чыгып кетип, көп депутат келбей коюшу да мүмкүн. 7-апрелде 10 миң адам алып чыгууну максат кылган Атамбаевди эч ким ээрчибей бир уят болгон. Эртең депутаттар келбей, Атамбаевдин сунушун колдобой дагы уят болбогой эле!

Аргумент.kg
Жооп калтыруу