Атамбаев дагы кан көксөп жатабы?

Акыркы күндөрү шаардыктар ушак, имиштер менен эле жашап калдык. Атамбаевдин адамдары жер-жерлерди кыдырып, сый тамактарды берип, элдин күрөө-тамырын кармап, аларды кимдер ээрчий турганын сыноодон өткөрүп жаткан кези. Баягы
эле өлгөн иттин терисиндей сасыган, тарпы чыккан түндүк-түштүк маселеси. Ушул Атамбаевге керекпи? Эски досу Жээнбековду тактан кетириш үчүн Атамбаевге түндүк-түштүк маселеси балким курал катары керектир. Жакында бир саясатчысы “Атамбаев бир ирет “Төө-Ашуунун тоннелин жардырып жиберсек, Чүйдүн жерин басып алып жаткан түштүктүн элинен кутулабыз!”-деп айткан” дегенде ишенген жокмун. Бирок, Атамбаев мындай сөздөрдү “балп” айтып коймою да бар. Эми, айтканы чын болсо, кечээ эле өлкөнү башкарган адам мынчалык пастыкка барбашы керек эле деп ойлойм.

“Апрель”ТВда “Биз көрсөтөбүз” деген жазуу дайыма экрандан бадырая көрсөтүлүп турат. Бул сөз бекер жеринен берилбейт. Ачыгын айтканда, Атамбаевдин “Жээнбековго биз көрсөтөбүз!”-деген эле сөзү деп түшүнсө болот. ”Апрель” ТВ, “7-канал” бул
Атамбаевдин информациялык согуштагы негизги куралдары экени талашсыз. Кыска убакыт болсо да “Апрель” телекомпаниясы Жээнбековдун командасына ачык согуш жарыялап жатканы ачык. Ал эми президенттин басма сөз кызматы Атамбаевдин
“басмачыларына” туруштук берип ачык согуша албай, мажирөөлүгүн көрсөтүп жатышат. Бул ачуу болсо да чындык. Убагында Текебаевдин “Сентябрь” ТВсы Атамбаевди талкалап салганда, ал телеканалды күч менен эле жаап салышкан. Азыр, Атамбаевдин “Апрель” ТВсы деле ошол эле ишти аткарып жатат. Бийлик дагы деле алсыздай көрүнөт.

Атамбаев карөзгөйлүгү кармап дагы бир кан төгүүдөн кайтпай турганы көрүнө баштады. Кыргыз элинин, “Шымына чычкан колун аябайт!”-деген бир улуу сөзү бар. Ошол сөз чын окшойт, анткени Атамбаев жаралуу чөөдөй болуп эч нерсени аябай турганы көрүнүп калды. Канткен күндө да ал өтө ызакор адам эмеспи. Президенттик шайлоодон кийин Жээнбековду чүлүктөп, жетелеп алып башкарам деп ойлогон оюу ишке ашпай калып, ичинен кан өтүп турган кези. Алмаз Атамбаев шайлоодон кийин эле “аталык“ болууну ойлонбой президенттиктен кеткен соң, “Кой-Таштагы” резиденциясында “Кудайга шүгүр!” деп тынч жашап мемуарын жазып, жаңы обондорун музыка сүйүүчүлөргө тартуулап жата берсе эл арасында чоң кадыр-барк күтөт эле го. Кышкы каникулдан кийин экс-президенттин “Апрелге” берген маегин кайра көрүп, газеталардан окуп чыктым. Өз маегинде Атамбаев минтип айткан жери бар, “Мен да пендемин, мен да адашам. Мүмкүн мен башкалардан көбүрөөк адашам. Өзгөчө ушул кадр жагынан, адам жагынан, дос жагынан көп адашат экенмин. Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын макалы бар го: “Жыландын (малдын болсо керек) аласы тышында, адамдын аласы- ичинде” деген. Көп ката кылдым, көп адаштым,”–деп өзү туурасында туура айткан экен. Атамбаев азыр иштебей үйүндө жатып алып дагы деле адашып жатат. Президенттик кызматты өткөрүп берип кеттиңби? Анда үйүңдө тынч отур. Кийинки бийликке келгендерге бут тоспо, алар да иштеп өзүн көрсөтүшсүн. Аны да моюнга алып койсо болот.

Атамбаев өз маегинде мындай деп айткан сөзү бар экен: “Президент катары элим-жерим деп иштеп жаттым,” эми, сөз деп айта берсе жараша берет экен да. Атамбаевдин “Кыргызстанды” жеке фирмасындай резиденцияда ичип жатып башкарганын ким билбейт. “Алкаш” аталган Борис Ельцин да анын алдында абийирдүү болгон экен дейсиң. Калдайган Росссияны Путинге өткөрүп берип, анын саясатына, кадрдык маселелерине аралашкан жок. Ошон үчүн Путин тизелеп калган Россиянын империялык амбициясына жеткирип койду. Башын көтөрө албай, соолукпаган Атамбаевдин иштеп жатканын элге
көрсөтүш үчүн президенттик кортежди бош эле резиденциядан Ак-үйдү көздөй айдап, калп эле жолду бууп, карапайым шаардыктарды алдап келгендери калп беле? Соолуккан күндөрү телеге чыгып, резиденцияда министрлерди кабыл алып жатканын көрсөтүп койгондорун далай эле уктук го. Атамбаевди такка алып келген элибиз да күнөөлүү. Азыркы күндө президент Жээнбеков шымалана иштеп жатат. Аны көргүсү келбегендер да бар. Атамбаевдин убагында жарыгы күйбөй калган иш бөлмөсү азыр саат тогуз-онго чейин иштеп жатканын көрүп ыраазы болосуң.

Атамбаевдин дагы бир калпы, “2011-жылдан баштап, 2017-жылдын аягына чейин иштедим. Шаарларды алсак ошол эле Бишкектин ичинде машинанын саны 6–7 эсе көбөйүп кетиптир…”-деп. Ээ-ээ, кокуй! Эми, көчөгө батпай кеткен машиналарды Атамбаев эмне өз чөнтөгүнөн алып бериптирби?! Ал элдин маңдай тери, башка өлкөгө иш таппай чыгып кеткен азаматтардын эмгеги менен тапкан унаалары экенин билип алса болмок экен. Көчөгө батпай калган машиналардын өсүшүнө Алмаз мырзанын бир тыйынчалык үлүшү, кошумчасы да жок. Экс- президент Атамбаев андан ары, өз маегинде: “Ошондуктан, мен эмне дээр элем, өзгөчө өкүнгөн нерсем, азыр мага өз айылымдан баштап, Баткен, Жалал-Абад, Көл, Таласка чейин бир топ адамдар келип жатат. Алардын эң негизги нааразылыгы “Сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп атат. Бизге мындай кордук кылып атат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам”-деп айтып өттү.

Албетте, Алмаз Атамбаев Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгенин ачык айта албай кыйналып жаткандай көрүнүп кетти.. Падыша болуу да бул Кудайдын амири менен маңдайыңа жазылган ырыскыга байланыштуу нерсе. Кыргыз элинин журт атасы болуу вазипасы, такка отуруп, башына тажы кийүү көрүнгөн эле адамга буйруй бербейт. Ошол нерсе 2017-жылы Сооронбай Жээнбековго буйруду, эми Жараткан маңдайына жазган күнгө чейин ал өлкөбүздү башкарат. Ал карапайым элдин эмес, ал Атамбаевдин ички арманы. Анткени, президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин жетеги менен эмес өзү тандаган жол менен кетти. Ачыгын айтканда, Атамбаев айткандай Сооронбай Жээнбеков жетелеме болгон жок. Экс-президент Атамбаев чет өлкөдөн келээри менен Жээнбеков алып салган Фарид Ниязовду кайрадан президенттик администрациясынын башчысы кылып койгону элдин эсинде. Ошондо элибиз Атамбаевдин “Ким кожоюн!”- деген амбициялык дымагын көрүшкөн. Ал ошентип баштагыдай эле кадр маселесин өзү чечип, каалаган адамын каалаган жерине койдуруп, өлкөнүн тагдырын ушинтип башкара
берем деп ойлогон иши оңунан чыкпай калды. Сооронбай Жээнбековдун кадрдык кемчилиги дагы деле болсо бийликтин бардык бутактарында 80 пайыз Атамбаевдин кадрларынын жүргөнү өкүндүрөт. Иштей албаган илең-салаң болуп жүргөн кадрларды эбак алмаштыруу керек эле. Алмаз Атамбаевдин: ”Эң адашканым ушул окшойт, президенттик шайлоо. Ошондуктан, элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм,” -деп өз арманын айтыптыр.

Ал Жээнбековду каалагандай жетелеп, өлкөнү өз билгенимдей башкарам деп ойлогон. Эл үмүт менен президент кылып шайлаган Сооронбай Жээнбеков мындай кемсинтүүгө жол бербеди. Бийликтин тизгинин Алмаз Атамбаевдин колуна карматып коюп каалагандай башкара бер деген жок. Ошол бойдон Атамбаевге бийликтин тизгинин бербей койгону болду. Алмаз Шаршеновичтин таарынычы, өкүнүчү ушул эле. Андан ары Атамбаев эски досуна болгон таарынычын мындайча айткан экен: “Түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбковго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, түштүктүн бир да кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр…” Эми, мунун баары калп, түштөн кийин Атамбаев элдин алдында актануусу десе болот. Түштүк бул Россиядай чоң мейкиндикти ээлеп жаткан чоң өлкө эмес. Сооронбай Жээнбековсуз эле өзүнүн президенттик аппараты, кадрлар кызматы, УКМК, ИИМ, ж. б. мамлекеттен айлык алып отурган толгон токой кызматтары аркылуу түштүктүн өсө турган кадрларын билип алса болмок. Атамбаев өзүнүн “оорулуу” ой жүгүртүүсү аркылуу түштүктүн кадрларынын баарын өстүрбөй келген бул Сооронбай Жээнбеков деп түштүктүн элине жек көрүндү, бузукулук кылганга өтүптүр. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков муруңку президент Атамбаевдин убагында тамырлашып кеткен коррупциялык көрүнүшкө, чиновниктердин жемкорлукка батып кеткенине ачык согуш ачканын, анын азыркы жасап жаткан иштеринин жемиштери туурасында ийгиликтерин Атамбаевдин көргүсү жок. Жасаган иштерин туура деп мактагысы келбей жатат. Президент болгонуна бир жылдан ашык убакыт болсо да Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдө элдин алкоосуна алынып турган учуру. Атамбаевдин өкүнүп, кайгырып жатканы да мына ошондон эле деп билсек болот. Өз үйүндө маек берип отуруп, мына буларга токтолуптур: “Эми мен убагында өзүмдүн эмгегим менен бай болгом. Бишкекте бир канча килтейген завод меники болчу. Майда-чүйдө ишканаларды айтпай эле коёюн. Ресторандан баштап, чачтарачканама чейин бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар болчу. Түркиядагы “Гүлжанлар” деген ишканам…” -деп көкүрөк кере кенен дем алып мактанып да алган экен.

Атамбаев өзүн дайыма олигарх, мультимиллионер катары көрсөткүсү келет. Килтейген заводдорду кимдин акчасына алды эле? Ал да болсо ошол кездеги президент Акаев, Чыңгыз Айтматовдун суранычы боюнча кыргыз жазуучуларына алып берилген акча эмес беле. Атамбаев мактанып жаткан ресторан да кыргыз жазуучуларына таандык эле го. Азыр абакта отурган, ошол убакта Б. Талгарбеков вице-премьер-министр болуп турган кезде “Жазуучуларга берген акчаны Атамбаев өзүнө заводдорду сатып алып алыптыр. Ошол акчаны жазуучуларга алып берүүгө жардам бер”-деп барган. Ал эми Талгарбеков, “Бул маселени түз эле Акаевдин өзүнө кирип айтыңыз?”-деп кеңешин бергенин айтып берген эле.

Атамбаев жазуучулардын акчасын кантип тартып алганын неге айтпайт? Кыргыз жазуучуларынын ырыскысы менен Атамбаев байыды, килтейген заводдорду алды. Ушундай даражага жеткирген жазуучулар союзу отурган орду, кабинети жок отурат. Андан да берген маегинде Чыңгыз Айтматов менен жакын мамиледе болгонун, үйүнө келип чай ичип жүргөнүн айтыптыр. Залкар жазуучубуздун кызы Ширин Айтматова ал кезде “Ата-Мекен” партиясынан депутат эле. Ал бир ирет президент Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп “Сенин атаң Чыңгыз Айтматов ким эле, ал өзү үчүн гана жашаган жазуучу болгон!”- деп дагы бир топ өзүнө таандык ыплас сөздөрүн айтып, ыйлатып чыгарганын жазган эле. Андан ары Атамбаев өз маегинде “2002-жылы алган накталай акчам сомго которгондо 1 миллиард 900 миллион сомго жакын накта акча болгон” -деп мактаныптыр. Буга чейин да мактанганда Эдил Байсалов Атамбаевдин калпын чыгарып, анын Түркиядагы байлыгы отуз миң америка доллары болгонун айтып абийирин төктү эле. Атамбаев дайыма калп айтып, калп сүйлөгөн адам.

Жээнбеков да Кудайдын сүйгөн пендеси экен, ТЭЦтеги авариядан кийин Атамбаевдин “жегич командасынын” бети ачылып, элдин казынасынан жүздөгөн миллион долларлар уурдалганы ачыкка чыгып отурат. Балким, ошол авария болбосо Атамбаевдин “командасынын” бардык былык иштерин Жээнбековдун мойнуна илип коюшмак экен. Кудай бар экен дегеним да ошондон. Атамбаевдин сүймөнчүк кадры, бир районго аким же губернатор болбогон, жашабай жатып коррупционер аталган Сапар Исаковго мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган соттон жыйырма жыл сураганы да бекер жеринен
болбосо керек. Анын башка дагы былыктары чыгып жатат. Президент Жээнбеков “Бир тууганбы, доспу-эч нерсеге карабайм. Бардыгы жооп берет”-деп айткан учкул сөзү менен бийликтен үмүтү үзүлгөн элдин жүрөгүнөн орун алып, өзүнө бура алды. Сооронбай Жээнбековдой калың журтубуздун ишенимине кирип, элдин байлыгын уурдаган, мамлекеттик казынага кол салган, өз элин тоногон коррупционерлердин чыныгы жүзүн ачып, түрмөгө тыгып, билек түрүнө ачык күрөшө алышкан эмес. Коррупция менен күрөшүүгө Жээнбековдун эрки жетти. Атамбаев өзүнө жакын адамдары аркылуу кыргыз элинин байлыгын, мамлекеттик казынаны тонош үчүн мафиялык топ түзгөнү ачыкка чыгып отурат. Мына, азыркы күндө Атамбаевдин жанында жүргөн Бишкек шаарынын эки мери А. Ибраев, К. Кулматов, премьер-министрлер С. Исаков, Ж. Сатыбалдиев, А. Калиев, О. Артыкбаев, И. Илмиянов мамлекеттик казынага кол салганы үчүн түрмөдө отурушат. Эгер билсе, азыр абакта отурган шакирттери Атамбаев үчүн мөөнөт өтөп жатышканын билбейт. Атамбаев элдин каны менен такка келип отурган адам. Андан бардык жамандыкты күтүүгө болот. Мындан көп жыл илгерки бир окуя эсиме келип кетти. Президенттик шайлоодо Акаевди Абсамат Масалиев утуп алганы белгилүү. Боршайком жыйынтыгын жарыялоодон коркуп турган кез. Шайлоочулар Бекмамат Осмоновго чыгышып, “Биз Масалиевге добуш бердик, жеңиш аныкы! Абсамат Масалиевдин буйругун күтүп отурабыз. Элге кайрылсын, биз Ак үйгө алып барып такка отургузуп коёбуз!”- деп айтышат. Бекмамат Осмонов бир аздан кийин Абсамат Масалиевдин кабылдамасына кирип, элдин талабын айтат. Масалиев өзүнө гана таандык токтоолугу менен “Мен эч качан элимдин канын төгүп, бийлик башына барбайм!”- деген экен. Бул чыныгы элибиздин улуу инсанынын сөзү. Ал эми Атамбаев бийликке жаштардын канын төгүп келгени аз келгенсип, дагы кан көксөп жатабы? Генерал Кеңешбек Дүйшөбаев,”Атамбаевди тез арада соттук –медициналык же соттук-психиатриалык экспертизадан өткөрүш керек” -деп айткан эле. Ушул сөздү генерал жөн жеринен айткан жок го.

Бекен Назаралиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу