АТАМБАЕВ БҮГҮН 4-ИРЕТ УКМК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ БЕКЕР ҮЙЛӨРДҮН АЧКЫЧТАРЫН ТАПШЫРДЫ. СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Бүгүн, 2017-жылдын 25-майы күнү президент Алмазбек Атамбаев ушуну менен 4-ирет Улуттук коопсуздук кызматкерлерине бюджеттин эсебинен Бишкекте курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышып, бекер үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды.

Албетте, бул бир чети жакшы көрүнүш да, бир чети өкүнүчтүү. Себеби, биздин эсеп боюнча ушул эле УКМК кызматкерлерине бир же эки эмес, төртүнчү ирет үйлөр курулуп, ачкычтар тапшырылып олтурат. Ошол эле убакта булардан айырмаланып айлыктары жашырылбаган, “жирный шабашка” жасай алышпаган, айрыкча айыл жерлеринде үй-жайы жок аргасыз жумушун таштап кетип жатышкан мугалимдер, врач-медсестралар өңдүү бюджет эсебинен өп-чап жашаган миңдеген мекендештерибиздин турак-жайлары тууралуу мамлекет башчыны кызыктырбай келет.

Башкаларга да берилип жатат деп айтышы турган иш. А ошол “башкалары” делгендер да кайра эле ошол күч органдары: милиция, аскер кызматкерлери жана ӨКМчилер. Жалаң гана колунда куралы бар, кандайдыр бир таасир-күчтөргө ээ структураларга гана үйлөр курулуп тапшырылып келет.

Сөзүбүз кургак болбошу үчүн мисалдарга кайрылалы.

2015-жылдын сентябрында Бишкек шаарында УКМК кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй пайдаланууга берилген.

2016-жылдын 14-январында Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышкан.

Ушул эле жылдын, т.а. 2016-жылдын 2-августунда жыл айланбай кайрадан Алмазбек Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырат.

Кайрадан бир жыл өтпөй бүгүн, 25-майда дагы УКМК кызматкерлерине Атамбаев Бишкекте курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышып, бекер үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды.

2014-жылдын 3-сентябрында, Атамбаев өлкөбүздүн Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерине Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлерине 108 квартиралуу эки үйдөгү жаңы квартиралардын ачкычтарын тапшырат.

2016-жылдын 26-августунда Атамбаев Бишкек шаарында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдү ачуу аземине катышат. Анда сөз сүйлөгөн президент 2 жылдын ичинде миңден ашуун аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү батирлүү болушканын белгилейт.

2016-жылдын 31-октябрында президент А.Атамбаев Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү (3 үйдө 207 батир) турак үйлөрдү ачуу аземине катышат. Анда президент «Биз күч органдарында иштегендерге көбүрөөк камкордук көрүшүбүз керек” деп сөз сүйлөгөн.

2015-жыл, 1-июль. Атамбаев ӨКМ кызматкерлерине жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырып жатып мындан бир жыл мурда да ӨКМ кызматкерлери үчүн эле көп квартиралуу үйдүн ачылышы өткөнүн эске салган.

Мына, факт. Туура, күнү-түнү тыным билбеген куткаруучулар менен аргасыз көчөдөгү мастарды, жол эрежесин бузган машинелерди аңдып тирлик кылып келишкен милиция жана айлыктан башка тыйын кылчу жумушу жок аскер кызматкерлердин абалын түшүнөбүз. Бирок, кызматкерлери канча айлык алышаарын коомчулук билбеген УКМК кызматкерлерине катар-катары менен кабат үйлөрдү куруп, дээрлик жыл сайын батирлерди тапшыра берген акылга сыябы? Же Атамбаев мугалим, врач, орто звенодогу мамкызматкерлердин жашоо-шарттарынан да өзүнүн жеке коопсуздугун жогору коебу? Балким, ар бир саясий камоолор серияларынан кийин ушундай сыйургаалдар берилеттир… Түшүнүп болбойт…

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу