Атамбаев бюджеттин профицити жана коррупцияга каршы күрөшү тууралуу неге жалган билдирүү таратты?

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын экс-мэри, андан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы боло калган Кубанычбек Кулматовдун жана дагы булардан башка бир топ жакындарынын камакка алынышы, акыры бир нече айдан бери ооз ачпай келген экс-президент А. Атамбаевдин үнүн чыгарды. Ал мунун баарын «Раим-миллиондун достору жана калкалоочулары тарабынан өч алуу» (Раим Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары) деп сыпаттады. Ошондой эле «укук коргоо органдарынын алдына кандай жол менен болсо да Исаков менен Кулматовду камакка алуу тапшырмасы коюлган» деген пикир камтылган билдирүүсүн таратты.
«Коррупция менен күрөшүү боюнча кыйкырыктын алдында «жезкемпирге аңчылык» башталды, кимдин өзүнүн ою, позициясы бар болсо, ошолорго аңчылык башталды», — деп эсептейт экен экс-президент А. Атамбаев.
Кызыгы ушул эле сөздөрдү убагында Атамбаевдин каршылаштары, Атамбаевдин убагында коррупция боюнча камакка алынгандардын тарапташтары айтып келчү.
АША өзүнүн башкаруу убагында, ошондой эле Сапар Исаков өкмөттү жетектеп турган ушул жылдын 4 айында бюджеттин профицити 5 млрд сом менен камсыз болгон дейт. Буга негизги ролду ошол убактагы премьер-министр Сапар Исаков жана экс-бажы кызматынын башчысы Кулматов коррупционерлерден тазалап баштаганы үчүн бажы органдарынан түшкөн акчалар ойногон.
Чындыгында эле ушундай болгонбу? Интернет-сайттардын бири экс-президенттин бул билдирүүсүндөгү бажы кызматынан түшкөн акчалар боюнча цифралар канчалык деңгээлде чындыкка жакын экендигин текшерип көргөн. Себеби, бул ведомство жөнөкөй эмес, ал Мамлекеттик салык кызматы менен бирге мамлекеттин бюджетин түзүүчү болуп саналат эмеспи.

5 млрд сом бюджеттин профицити боюнча…
Финансы министрлигинин Борбордук казначействосунун маалыматы боюнча 2018-жылдын апрель айы үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү (атайын каражатты кошкондо) 11 млрд 874,7 млн сомду түзгөн. Салык төлөмдөрү — 8 млрд 409,9 млн сом болсо, бажы төлөмдөрү — 3 млрд 541 млн сом болгон.
Апрелде республикалык бюджеттин биргелешкен кирешеси 41 млрд 58 млн сомго теңдешкен, ал эми чыгымдар 40 млрд 601 млн сом болгон.
«456 млн сом ашыкча бар же болбосо биргелешкен киреше биргелешкен чыгымдан ушунча суммада ашыкча, бирок муну профицит деп атоого болбойт. Себеби, аны андан ары жасала турган чыгымдарга пайдаланууга болот. Эгерде сарпталбаган каражаттын суммасы жылдык бюджетти жапкандан кийин пайда болсо, анда аны профицит деп атоого болот», — деп белгилейт финансы министрлиги.
Айрым ММКларда ушул жылдын январь айынан апрель айын кошкондо мамлекет бюджетинде профицит болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар жарыяланып кеткен. Ал жакта дал ушул 5 млрд сом тууралуу жазылган. Бирок, финансы министрлиги бул маалымат чындыкка дал келбеген маалымат экендигин белгилейт.

Бажы кызматынан түшкөн киреше тууралуу
2018-жылдын май айында Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн 3 млрд 608 млн сомго камсыздаган. Бажычылар пландалгандан 109 млн сомго көбүрөөк чогултушкан.
Ал эми 2018-жылдын башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы 16 млрд 519 млн сом чогулткан, бул пландан 1 млрд 800 млн сомго көп дегенди түшүндүрөт.
2017-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу төлөмдөр 4 млрд 594 млн сомго көбөйгөн.
Бирок, кирешенин көбөйүшүн эч кандай профицит деп атоого болбойт. Беш ай ичиндеги бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшүнүн оң динамикасы 2018-жылдын январь-февраль айларында товарлардын импортунун көлөмүнүн кескин өсүшү менен байланыштуу экендигин бажы кызматынан түшүндүрүштү.

Бажы кызматынын 2018-жылга планы 
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбековдун айтымында, 2018-жылга карата план – 39,8 млрд сом. 2017-жылга салыштырмалуу аны 5,6 млрд сомго көтөрүшкөн. Бирок, Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн алдына бул планды 3,4 млрд сомго ашыра аткаруу тапшырмасын коюшкан.

Коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттар 
Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет бюджетине коррупция менен күрөшүүдөн 9 млрд сом түшкөн деп билдирди. Кыязы, ал баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун айткан сөзүнөн ММК булактары цитата кылып жазган маалыматка таянса керек. Ө. Жамшитов 2017-жылы коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча бюджетке 9 млрд сом кайтарылганын парламент отурумунда билдирген.
Бул цифраны текшерүү оңой эмес, себеби укук коргоо органдары, өзгөчө УКМКнын АКСи жана Баш прокуратура бюджетке кайтарылган каражаттар боюнча отчетторду ачык жарыялабайт. Конкреттүү ведомстволор кандай сумманы кайтарышканы ачык эмес.
Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2018-жылы мамлекеттик бюджетке төмөнкүлөр кайтарылган деп билдирет:
— укук бузуу боюнча – 2 млрд 333,5 млн сом;
— салык төлөмдөрүн төлөбөө боюнча – 1 млрд 800,6 млн сом;
— мыйзамсыз ишкерчиликти текшерүү боюнча – 76,1 млн сом;
— жалган ишкерчиликти текшерүү боюнча – 13,1 млн сом;
— контрабанда боюнча – 30,1 млн сом;
— бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу кылмыштар боюнча – 7,5 млн сом;
Ошентип Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мамлекеттик бюджетке кайтарган каражаттын суммасы 4 млрд 260,4 млн сомду түзөт.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы казначействого Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, УКМК АКС жана Баш прокуратура тарабынан жалпысынан 8,5 млрд сом кайтарылган каражаттар түшкөн.
КСДПнын маалымат кызматынын маалыматы менен айырмачылык – жарым миллиард сом. Кыязы, алар 500 млн сомду «тоголок» эел кылып коюшса керек.
Бул сумманы ведомстволор боюнча бөлсөк төмөндөгүдөй:
— Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы – 1,3 млрд сом;
— УКМК АКС – 1,7 млрд сом;
— Баш прокуратура – 5,5 млрд сом.
Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы алынган акчаларды түздөн-түз мамбюджетке багыттайт, ал эми калгандары атайын депозиттик счетко багыттайт. Ал жактан акча мамбюджетке которулат.

Эмнеге бул маанилүү? 
КСДП төрагасы өз билдирүүсүндө Кыргызстандын бюджетинин кирешеси, ошондой эле коррупция менен күрөшүү боюнча ведомстволордун конкреттүү отчетторуна таянбай, ММКлардагы материалдарды пайдаланган.
Азырынча Баш прокуратура жана УКМК АКСи эмненин эсебинен бюджетке каражаттарды кайтарышканынын маалыматтарын ача элек. Азырынча бажы тармагынан коррупционерлерди тазалаган үчүн бажы төлөмдөрү көбүрөөк түшүп калганбы же башка себептери барбы айтуу татаал.

БУЛАК:maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу