Атамбаев бирөөнү каралайм деп өзүнүн абийирин ачып алдыбы?

Алмазбек Атамбаевдин өтүшүп кеткен өтө оор илдети бар экени бир катар саясатчылар тарабынан бир нече ирет козголуп, психикалык жактан текшерүү сунушу айтылып келишкен. Ал сөздөргө анча деле маани берген эмеспиз. Бирок, бул синдромдун белгилери Аксы окуясын эскерүү иш-чарасында дагы байкалып, оору кабылдап кеткени байкалды. Дегенибиз, 2017-жылы таза шайлоо өткөргөнүн, тынч кеткенин эң негизги жетишкендиги катары тынбай айтып келген. 17-мартта «Сокени алып келгеним үчүн кечирим сурайм» деди. Таза шайлоо өткөрсө, коррупцияга малынбаган кишини колдосо, тынч кетсе, анан эмнеге’эми тескери «ушатууда»? Кызыгы, намазга жыгылган Сооронбай Жээнбековду арак ичет деп айтты. Айла жок күлөсүң да, анан да намазга жыгылып, кичи ажылыкка (Умрага) барып жүргөн Атамбаев өзү коньяк ичерин айтты. Мунусун кантип түшүнөбүз? Жарыктык кишинин сөздөрү эки башка чыгып жатпайбы?

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу