Атамбаев “биригели” десе, Сариев “успокойся!” деди

Былык иштери четинен чубалып чыгып, темир тордун төрүнө отуруу же сыртка качып кетүүчү мезгил жакындаганы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айласы куруган кербези. Өзү ажо кезинде алдың түрмөгө отургузуп, артын кылмыш ишин козготуп, келмесин оозунан түшүрткөн саясатчыларды сүйлөшүүгө чакырып, жаңылып-жазганын айтып, бал тилге салып алдамайга өттү. Маселен, Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык иштерди шылтоолоп туруп премьер-министрликтен “сулата” чапкан Темир Сариевге чабарман жөнөтүп, “өткөн-кеткенди унуталы, саясатта бирге бололу” таризинде сунуш киргизиптир. Себеби түшүнүктүү, Атамбаев түндүктүн тыңчыкмаларынын башын кошуп, ири оппозициялык блок түзүү планы бар. Ошол эле кезде Атамбаев Сариевди убагында каматпаганына өкүнүп жатыптыр. “Жанымдагылар Сариевди каматалы, кийин баш оору болот дегенде чечкиндүүлүк кылбаптырмын, бекер аяптырмын” деп жатканы кандай? Аргенбай аксакалдын уулу оңой жигит эмес, намыскөй эмеспи. Убагында көрсөткөн кордугу эстен чыкпай тургандыгын, АШАнын доору эчак өткөнүн жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде баса белгилөө менен жооп узатты. “Атамбаевдин доору бүттү. Атамбаев, эс ал! Поездин өтүп кетти!”, — деген экс-премьер азыркы бийликке ишеним артып турганын тымызын кыйыткан. Сариевден үмүтү үзүлгөн экс-ажо дагы кайсы саясатчыларга “кайырмак” ыргытаар экен? Абай салып туралы…

Просмотрено 15:49

Конец переписки Введите сообщение…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу