Атамбаев бийликке кайра келеби?

Өткөн жумадагы президенттик администрациясынын башчысы Фарид Ниязовдун билдирүүсү коомчулукту бир топ ойго түртүп салды. Анда экс президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясына төрага катары расмий түрдө дайындалаары кабарланды. Бул сыртынан жөнөкөй сыяктанган окуянын артында эмне жатат? Атамбаев буга чейин эле КСДП партиясынын башына келип, анын арасын тазалап анан шайлоого аттанаарын ачык эле айтып жүрбөдү беле. Бирок, ошентсе да бул билдирүү коомчулукта түркүн ой-жоромолдорду жаратууда.

Биринчи варинант: Ар кандай татаал шахматтык саясий жүрүштөрдүн негизинде парламент тарайт да, кайрадан шайлоо жарыяланат. Андан  кийин КСДП чечүүчү мандантка ээ болот. Ошондо экс президент расмий бийлик орундарын ээлебей туруп, бир кездеги Кытайдагы Ден Сяопин сыяктуу бийлик рычагдарын колуна алат.

Экинчи вариант: Антип дүрбөтүп парламенттин таратпай эле экс президенттин парламентке келиши ишке ашат. Ал үчүн КСДПыны депутаттарынын бирөө мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазып, орунду Алмазбек Шаршеновичке ыйгарат.

Кандай болгон күндө да буга чейин  кыргыз саясий тарыхындагы белгисиз барактар ачылат. Анткени, кеткен президенттер ар түрдүү себептерден улам саясатка кайрылып келген эмес. Ал эми азыркы экс президенттин саясий тегирменге кайтып келиши эмне деген окуялар жана фактыларды жаратат?

Бул суроого жоопту келе жаткан 2018-жылдын биринчи жарымы эле берет окшойт.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу