Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда өлкөнүн региондорун
социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого
кошкон олуттуу салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо
жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Тизмене толугу менен шилтемени басып окуй аласыз.
Хурсанбек Байбабаев – Ош облусунун Араван районундагы «Байбува» дыйкан чарбасынын
жетекчиси;
Лев Васильев – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Албек Ибраимов – Бишкек шаарынын мэри;
Айтмамат Кадырбаев – Ош шаарынын мэри;
Кокумбек Таштаналиев – Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин
алдындагы чарба жана мелиорация департаментинин директору;
«ЭМАРК Строй» жоопкерчилиги чектелген коому
«Достук» ордени:
Ахматжон Абдурахманов – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн
башчысы.
«Даңк» медалы:
Айбек Калиев – «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун
башкармасынын төрагасы;
Николай Пихота – Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин
алдындагы «Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы» мамлекеттик
ишканасынын башкы геологу.