Атамбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл койду

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Президент Алмазбек Атамбаев шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Премьер-министр Сапар Исаковдун, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын коштоосу менен 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясый репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Ч.Т.Айтматовдун бейитине гүл коюшту.
Андан кийин Мамлекет башчысы менен коштогон адамдар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту.
Ошондой эле Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын башчылары Бишкектеги Жеңиш аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин элесин эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган, анын ичинде Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу