Атамбаев “Апрелдеги” маегинде адатынча актанып, мактанып, эмнелерди көз жаздымда калтырат?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өзүнүн “Апрель” телеканалына жалаяктай болгон маек берери маалым. Мына ошол маегинде ал адатынча актанып, көкүрөгүн каккылап мактанары турган иш. Дегеле бул маекте ал кандай темаларга токтолушу ыктымал? Ушул жаатта ой жүгүртүп көрөлү.
Жакында эле өзүн укук коргоочу катары сыпаттап, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу болуп жүргөн Нурбек Токтакунов былтыркы президенттик шайлоо кампаниясында агездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун командасы сарптады делген чындыкка коошпогон каражаттардын тизмесин жарыялаган болчу. Мындай “тизме-гейт” операциясы “Форумдан” түзүлгөнү, мунун түпкү максаты президент Сооронбай Жээнбековго каршы багытталганы бешиктеги балага деле түшүнүктүү эмеспи. Атамбаев маегинде “тизме-гейтке” токтолуп, айтыла берип ашмалтайы чыккан “Райым-миллион” темасын көтөрөрүн божомолдош иттен оңой. Тагырагы, “былтыркы президенттик шайлоодо Райым-миллион (Райымбек Матраимов) Жээнбековго демөөрчүлүк кылган. Ошон үчүн, ал камалбай жүрөт” таризинде күпүлдөсөк таңгалбай эле коелубу? Ушул жерден Алмазбек Шаршенович төмөндөгү суроолорго да маегинде жооп узатса дейбиз:
Биринчиси: 2011-жылдагы президенттик шайлоодо ошогездеги Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевден 5 млн долларды алганыңызды ырастайсызбы? Натыйжада президенттик дооруңузда Сатыбалдиевди канатыңызга калкалап, башбакандыкка чейин жеткиргениңиз жалганбы? Ошондой эле экс-мэр Нариман Түлеевден 500 миң доллар, Өмүрбек Бабановдон 2 млн доллар, Тайырбек Сарпашевден 1 млн доллар алганыңызды кайда катасыз? Бул биз билгендер гана, биз билбеген дагы кайсы адамдардан шайлоону шылтоолоп канча миллион алдыңыз эле?
Экинчиси, 2017-жылдагы ажо жарышта оң колуңуз Икрамжан Илмиянов аркылуу ишкерлерден, олигарх саясатчылардан ондогон миллион доллар жыйнаганыңызды, алардын тизмесин коомчулукка ачык жарыялап койбойсузбу?
Алмазбек Атамбаев маектин жүрүшүндө убагында Чыңгыз Айтматовду алдап, Жазуучулар союзуна келген 50 млн рублди (агезде бир рублдин куну бир долларга барабар эле) кымырып алганына токтолорун коомчулук күтүүдө. Адатынча актанып чыгарын бөркүңөрдөй көргүлө. Бирок, ашынган шылууңга коомчулук ишенбейт. Эгер 50 млн таржымалында акактай таза болсо, экс-президент Аскар Акаев менен коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовду сотко берсин. Экөөнүн тең көзү тирүү. 50 миллиондон сырткары, борбор калаадагы Жазуучуларга тиешелүү ресторан менен Арашандагы Жазуучулардын эс алуу үйүнүн таржымалына кеңири токтолсун, документтерин көрсөтсүн. Ошол 50 млн рублге кайсы имараттары, завод-фабрикаларды сатып алып, темирлерин Кытайга сатып, өзү айтмакчы, “долларовый мульти миллионерге” айланганы жамы журтка дайын. Эгер акын-жазуучулар “Форумдун” алдына митингге чыгып, Атамбаевден 50 миллионду, ресторан менен эс алуу үйүн кайтарып берүүсүн талап кылса кандай жооп узатар экен?
Бишкек ТЭЦиндеги коррупциялык схеманын бети ачылып, АШАнын үзөңгүлөштөрү түрмөдө отурат. Атамбаев маегинде ушул окуяга да токтолуп, “жөө жомогун” айтаары калетсиз. “Мынакей, бирөөсүнүн да күнөөсү далилденген жок. Бул коррупцияга каршы күрөш эмес” деп актанбасына эч ким кепилдик бере албайт. Алмазбек Шаршенович тергөө эми аяктап калганын, жакында сот процесстери башталарын түшүнүп турса да элдин башын айландырууну көздөп атканын сезип атабыз. Элди анчалык баео ойлобосо жакшы болмок. Андан көрө, Бишкек ТЭЦинен канча миллионду “ап” этип алганын ачыктап, эл астында кечирим сураса накта эрдик кылбайт беле?
АШАнын “Апрелдеги” маегинин өзөгүн дагы кайсы темалар камтышы ыктымал? Сөзүбүздү уланталы. “Мен алты жыл боюнча паланча миллион грант, кредит алып келдим. Азыркы президент бир жылдын ичинде эч нерсе алып келе албады” маанисинде көкүрөк какса керек. Кадыры жан болсун! Ошол кредиттердин жарымынан көбү сол чөнтөккө солонгону эми ачыкка чыгып атпайбы! Ошол эле Бишкек ТЭЦиндеги 386 млн доллардын кеминде 150-200 млн доллары АШАга жана анын командасынын чөнтөгүнө агып кирип кеткени билинди. Эгер Датка-Кемин, түндүк-түштүк алтернативалуу жолу сыяктуу ири долбоорлор текшерилсе, алардан да максатсыз жумшалган миллиондордун бети сыйрылары шексиз. Экс-президент кредиттердин канчасы максаттуу жумшалып, канчасы өзүнүн жана жакындарынын кулкулуна кирип кеткенин так кесе айтканда “бали, азамат экен” демекбиз. Ал эми мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун алгачкы бир жылы АША бузуп кеткен Казакстан, Түркия менен мамилелерди кайрадан бекемдеп, тышкы байланыштарды чыңдап, ички саясый абалды турукташтырууга жумшалганын, эски режим тушунда бекем орногон коррупциялык схемаларды сындырууга кетти. Эгер Атамбаев таза иштегенде, Жээнбеков үчүн алгачкы бир жыл өнүгүүгө жумшалмак.
Атамбаев быйыл 31-марттагы КСДПнын курултайында президенттин туугандарына, кудаларына чейин жөнсүз асылганын укканбыз. Мындай “былжырамасын” “Апрелде” дагы кайталаса керек кайран киши. Президент өзү гана чечим кабыл алаарын, биртуугандары анын ишине аралашпай турганын бир жыл ичинде көрдүк. Андан көрө АША алты жылдык башкаруусунда секретаршасы, шоопуру, жансакчысы, жардамчысы, күйөө баласы, кудасы, кайниси, деги койчу көзүнө ысык көрүнгөндөрдүн баарын тең жогорку кызматтарга койгонун, алар аркылуу коррупциялык аракеттерин жүзөгө ашырганы үчүн эл алдында кечирим сураганы оң болоор.
24-ноябрда өтүүчү курултайга Атамбаев маегинде учкай болсо да сөз кылаар. А бирок бул иш-чараны өзү бир кезде коррупционер атаган, учурда “кол баласына” айланган Равшан Жээнбеков аркылуу тымызын каржылап, өзүнө тиешелүү адамдар аркылуу бүгүнкү бийликти бир тараптуу жамандатканы атканын кайда катат? “Апрелден” калп эле курултайдын уюштуруучуларын сындамыш этсе, демек, курултайчылар АШАнын заказын ойдогудай аткарат дей берелиби?
Атамбаевдин доорунда бир катар саясатчылар камалып кетти. Алардын көч башында Өмүрбек Текебаев турат. Негизги жабырлануучу катары арыз берген Леонид Маевский шылууңдукка айыпталып, Россияда камакка алынды. Мындан улам, Текебаевдин иши каралышы мүмкүн. Муну сезген экс-президент маегинде Текебаевди жана башка саясый туткундарды болушунча шыбашы ыктымалбы? Сөзсүз! Анткени, эгер Текебаев эркиндикке чыкчу болсо Атамбаевди соо койбойт. Муну ал билип турат, көчүгү бүлкүлдөп атканы да ошондон болсо керек.
“Атамбаевсиз КСДП!” урааны күчөп, АША партия лидерлигинен шыпырылып түшөрүнө аз калды. Темада дал ушул маселеге жооп узатары калетсиз. 20 жылдан берки досу Иса Өмүркуловдун былыктарын чууруп чыгарын күтө берели. Иса Шейшенкулович да оңой жоо эмес, Атамбаевдин саткынчылыгын, коррупционерлигин фактылар менен бетине коюп берет эмеспи.
Дагы бир жолу кайталайлы, “Апрель” телеканалы Алмазбек Атамбаевдин жеке менчик телеканалы. Демек, ал өзүнүн телеканалы аркылуу өзүнө ылайыктуу гана сөздөрдү айтып, бийликти армансыз жамандаары калетсиз. Эгер Атамбаев өзүнүн тазалыгына ишенсе, анда эркин маалымат каражаттарын түгөл чакырып, курч суроолорго түз жооп узатсын. Ошол эле Дача-СУда кулаган учактагы жүктүн таржымалын, Түркиядагы, Россиядагы бизнестери, өзү жана “кол балдары” гана эмес, өмүрлүк жары Раиса Атамбаева бизнесмендерди канатына калкалап, дары бизнесинин “королевасына” кантип айланганын, апрель окуясынан кийин кантип 7 млрд долларга байыганын чечмелеп берсин. Мына ошондо гана эл Атамбаевдин тазалыгына ишенет. Эгер андай кадамга бара албаса, анда кыңыр иштери тийиштүү органдар тарабынан тыкыр иликтенип, юридикалык баа берилиши зарыл. Мындай шартта аны кол тийбестиктен ажыратуу процессин эртелетүү керек болот…

Аргумент.kg
Жооп калтыруу