Атамбаев: «Алар үчүнчү кабатка кирип келгенде ок чыгардым»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен 16:30 да «Форумга» келет.

«Элдин жарымы Ак үйгө, калгандары «Форумга» келет. Алгач биз  «Форумга», андан кийин Ак үйгө барабыз», -деп айтты Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарапташтары менен жолугушуусунда.

Ага кошумча Атамбаев 8-августта өзүнүн хансарайынын короосунда тарапташтары менен жолугушуп жатып: «Мен бир нече айдан бери куралым бар, ок атам деп айтып келе жатам. Бул жерде курал менде гана бар. Мен үчүнчү кабатта отурдум. Карапайым элде рогатка да жок. Атайын бөлүктүн кызматкерлери үчүнчү кабатка келгенде, ок чыгардым», — деп айтты.

Учурда Кой-Ташта колго түшкөн күч кызматкерлери бар. «Бийлик биздин талаптарды аткарган жок, демек, биз, бул жактагы аскерлерди бербейбиз. Аларды кое бериш керекпи же керек эмеспи, аны эл чечет. Алардын абалы жакшы», — деди Фарид Ниязов айтты.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эске сала кетсек кечээ, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүрүп жыйынтыгында 40 тан ашуун жаран жаракат алып, бири кизи каза таап, милиция кызматкери оор абалда.

УКМК ага чейин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок экендигин айтты.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу үчүн массалык башаламандык уюштургандарга Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы да Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Туткунга алуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин тизмесинен орун алды.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу