Атамбаев Акаев менен Бакиевдей болуп кечирим сурабастыгын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден
кечирим сурабайт. Ал бул тууралуу өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин
жыйынында билдирди.

«Коңшу өлкөнүн карыган президентинин айынан өлкөнүн түштүгү газсыз калган. Ошондо жөнөкөй
жарандар менен жолуккан кезде, алар өлкөнүн эгемендүүлүгү баарынан өйдө экендигин айтышкан.
Ошолор мекендин чыныгы патриоттору. Ал кезде парламентте болсо, Атамбаев барып, диктатордон
кечирим сурасын деген сөздөр айтылган. Акаев дагы, Бакиев дагы жерлерди сатып, баштарын
ийишип, кечирим сурп жүрүшкөн», —деди Алмазбек Атамбаев.

Ал Кыргызстан көз-карандысыздыгын сактап, эч кимге өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүсүнө жол
бербестигин белгиледи.

«Кечиримди Атамбаев эмес, башка өлкөнүн ички ишине аралашып, өз кишисин президентикке
коюуга аракеттенген адамды коюуга аракеттенген адамдар сурасың» — деди ал.
Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу