Атамбаевчылардын “жегени желим, ичкени ирим, күткөнү түрмө”…

Кыргызстанды каалагандай калчаган Атамбаев жана анын “тойбостору” ушундай абал түзүлбөшү үчүн абдан аракет кылышып, баарын жасашкан эле. Дал ошол үчүн Конституцияны өзгөртүшүп, каалагандай жазышты.

Башкалардын үшүн алыш үчүн Атамбаев бийлигине анча-мынча каяша айтып, акция уюштурабыз дегендерди ар кандай жалаалар менен камашты. Бул Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров иштеринен айкын көрүнүп турат.

Конституцияны өзгөртүүдөн кийин өтө берилген кадрларды орчун жана талуу жерлерге дайындашып, аларды кызматтан алууну татаалдатышты.

Президенттик шайлоодо башка бир талапкер келип калбашы үчүн баарына барды. “Кызытылган темир басам” деп коркутуп Бабановду айдады. Мадумаровдун шайлоочуларын Россия жана башка жерлерде добуш берүүгө жолотподу.

Сооронбай Жээнбековду “кол бала” президент кылам деди. Ал үчүн 3% рейтингин 54% көтөрдүм деп алдын-ала эскертти…

Бирок баары бекер болуп чыкты. Ага ким күнөөлүү? Биринчиден, Атамбаев өзү. Жээнбековго догуруна берип тажатты. Экинчиден, Жээнбеков эрки бар адам болуп чыкты.

Мына эми Атамбаевдын, жакын жан-жөкөрлөрүнүн жана алардын куйруктарынын “жегени желим, ичкени ирим”, күткөнү түрмө болуп отурат.

18-апрелде “Улуттук энергетикалык холдингдин” башчысы Айбек Калиев кармалды. Ал Атамбаевдин эң жакындарынын бири болгон. Атамбаев аны тынымсыз кабыл алып, “аташка-балашка” болуш жүрүшкөнү күнү бүгүнкүдөй көз алдыбызда турат. Калиевге чейин, 17-апрелде Салайдин Авазов кармалган эле. Ал КСДП тарабынан Жалал-Абаддын мэрлигине дайындалган. Мурда «Электр станцияларды» башкарып турган.

УКМКа Калиевди Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупцияда эң башкы шектүү деп жатат. Калиев жана Авазовго  чейин “Электр станциялар” акционердик компаниясынын жетекчилери бүтүндөй кармалган эле. Алардын көрсөтмөлөрү Калиевди кармоого алып келгенинде шек жок.

Бирок да Калиев жана “Улуттук электр станциялардын” жетекчилери өздөрү эле ЖЭБди модернизациялоого келген 386 млн. долларды “ап” этип койбогону түшүнүктүү. Алардан жогору министр, премьер-министр, президент дегендер бар… Калиевдерге жетиштүү кысым болсо, “сайрап” айтып берер.

16-апрелде Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жатып кармалды. Ал Атамбаевдин жакын жөкөрлөрүнүн бири Болот Сүйүнбаевдин карачечекей күйөө

баласы экени айтылууда. Булар Атамбаев заманы өтүп, ишенген Баш прокурору Индира Жолдубаева айдалып кеткен мезгилде да 200 миң долларлап пара алып жатса, Атамбаевдин булар үчүн “кой үстүндө торгой жумурткалаган” заманында эмнелерди гана кылбаган дейсиң!?

Атамбаев ар дайым көкөлөтүп, калкалап, Султан Ибраимовго теңеп, соңунда “Манас” орденин таккан Илмиянов “коңулга” кирип кеткендей дайынсыз. “Оң колум” деп өкмөт башына алып келген Сапар Исаков “оңкосунан” кетүү алдында турат.

Ошентип, Атамбаевчылардын ойлогону ишке ашпай, “ичкени ирим, жегени желим” болуп турган чагы. Бирок алар уюшкан жана айласы куруп бараткан топ болгондуктан ар кандай чагымдарга барууга даяр…

Бишкек, Жалал-Абадда базарларда бир түндө чыккан өрт жана башка көптөгөн шойкомдуу иштер жөн жай чыгып калган жок да…

Булак: Элньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу