“Атамбаевсиз КСДП үчүн!”

Жакында Москва районунун Ак-Суу айылына райондогу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын эски активдүү мүчөлөрүнөн жүзгө жакыны чогулуш өткөрүшүп, анда партиянын катарын коррупционерлерден тазалоо жөнүндө чечим кабыл алышты. “Партияны миллионерлер менен контрреволюционерлер, мурдагы бийликтердин кошоматчылары жана хамелеондору ээлеп алышты, — дешти анда чыгып сүйлөшкөндөр. — 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияга каршы болгондор тез эле КСДПга кирип алып, андан жергиликтүү кеңештерге гана эмес, Жогорку Кеңешке да шайланып, мэрлик, губернаторлук жана министрлик кызматтарга сунушталып жатышат. Алардын айрымдары ачык эле бизге окшогон жылаңач төш эски мүчөлөрдү шылдыңдашып, келекелеп күлүп жүрүшөт. Анткени, алардын акчалары көп, партиянын жетекчиси Алмазбек Атамбаев менен тил табышып алышкан. Партиянын лидеринин андай жоругу революциянын идеалдарына, кызыкчылыктарына чыккынчылык болуп саналат. Демек, ал КСДПнын лидерлигинен кетип, ордун элге белгилүү, жаман иштерге аралашпаган башка бирөөгө өткөрүп берүүсү керек.”
Чогулуштун катышуучулары ушундай маанидеги резолюция кабыл алып, “Атамбаевсиз КСДП үчүн!” деген ураан жарыялашып, аны ишке ашыруу үчүн партиянын ичинде активдүү иштерди жүргүзүшөрүн билдиришти.
Ачыгын айтсак, КСДПнын ичиндеги ажырым коомдо чоң резонанстарды жараткан коррупциялык иштердин бети ачылганда эле башталып, ал 2018-жылдын 31-мартында КСДПнын мыйзамсыз курултайы өткөрүлгөндө биротоло тереңдеп, партиянын жөнөкөй мүчөлөрү түгүл, Жогорку Кеңештеги фракциясынын басымдуу көпчүлүк мүчөлөрү да лидеринен алыстай башташкан. Партияга мүчө эмес Сапар Исаковду А.Атамбаевдин партиянын саясый кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына дайындап алгандыгы фракцияда чоң нааразычылыкты жараткан. Чынын айтсак, ал партиянын Уставына, эски мүчөлөрдүн намысына түкүрүү болуп саналат.  Бардык саясый, коомдук уюмдардын жетекчи курамына шайлануу үчүн эң кеминде бир жылдык мүчөлүк стаж талап кылынат. Стажы түгүл, мүчө боло элек адамды жетекчи курамга киргизүү – акыл эске сыйышпаган абсурд.
Азыр КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясында Атамбаевди колдогон 3 эле депутат калган. Эгерде партиянын лидери алмашып, уюм ичтен тазаланбаса, ураандарын өзгөртпөсө, кийинки шайлоолордо “коррупционерлердин партиясы” деген атакта элге жек көрүндүгө айланып, мандатка жетиши эң эле кыйын боло тургандыгын партиянын тажрыйбалуу мүчөлөрү көрүп турушат. Ошондуктан алар Атамбаевдин партиянын лидерлигинен кетүүсүн талап кылышууда.
Бирок реалдуулуктан алда качан эле алыстап кеткен экс-президенттин андай кадамга барышы кыйын, андан андай прагматикалык чечимди күткөнгө болбойт. Ал КСДПны өзүнүн менчигиндегидей эсептеп алган. Демек, мындан ары КСДПда ажырымдануу күчөп отуруп, келерки парламенттик шайлоого жеткиче затынан, коомдогу ордунан толук ажырап, аты гана калышы толук мүмкүн. Анда аны “Алга, Кыргызстан” менен “Ак жолдун” тагдыры күтөт. Таасирдүү, капчыктуу, харизмалуу жана намыстуу мүчөлөрүнүн бардыгы башка ыкыбалдары жүрүшүп жаткан партияларга өтүп кетишет.
Эгерде Алмазбек Атамбаев өз ыктыяры менен партиянын лидерлигинен кетпесе, ушундай болорун бөркүбүздөй көрөлү.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу