“Атамбаевсиз КСДП» ураанын Кара-Балта шаары толук колдоду

Акыркы кездери «Атамбаевсиз КСДП» урааны өлкөнүн чар тарабында жаңырып, мындай демилгени миңдеген адамдар колдоого алууда. КСДПны түптөөчүлөрдүн бир, партия мүчөсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган мындай жыйындар жер-жерлерде өтүп, ага келген адамдардын катары калыңдоодо. 13-сентябрда дал ушундай иш-чара Кара-Балта шаарында өттү. Ага КСДПнын 200дөй жергиликтүү мүчөсү катышып, «Атамбаевсиз КСДП» ураанын толугу менен колдогонун С.Абдрахманов билдирди. “Жыйынга Жайыл районунун жалпы тургундары катышты. Ага келгендер районго КСДП партиясынын жаңы координаторун шайлашты жана «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдошту», — деди Абдрахманов.

Ошондой эле КСДПнын 20 жылдан берки мүчөлөрү Атамбаевди партиядан эле чыгарып тим болбой, аны камакка алууну, уурдаган акчаларын кустурууну талап кылган.

Буга чейин Абдрахманов «КСДП Атамбаевсиз» деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Москва, Панфилов, Сокулук, Токтогул районунда жана Токмок шаарында жыйындарды өткөргөн. Бул райондун тургундары да толугу менен «Атамбаевсиз КСДП» ураанын колдогон. Эми өлкө боюнча партиянын курултайында мыйзам жолу менен Атамбаев КСДПдан куулганы турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу