Видео — «Атамбаевсиз КСДП»: Тараптар ортосунда кайрадан чуу чыкты

Бишкекте «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы уюштурган пресс-конференцияда чуу чыкты.

Кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу керектигин айтты. Бирок залда отурган айрым адамдар КСДП партиясынын өкүлдөрү экенин айтып, Абдрахмановдун өзүн айыптап чыгышты.

Ортодо кайым айтышуу болуп, алардын кээ бирлерин күзөтчүлөр залдан түртүп чыгарып жиберишти.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп жүрөт. 28-ноябрда да кыймылдын жыйынында чуу чыккан. ​

Аргумент.kg
Жооп калтыруу