“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы Иса Өмүркуловдун жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алганын, 20 жылдан бери партиянын атын сатып жүргөнүн сындашты

Башында Сагынбек Абдрахманов турган «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы бийликтин долбоору экени белгилүү. 15-январь күнү Кант шаарында өткөн конференцияда чогулган делегаттардын басымдуу бөлүгү Алмазбек Атамбаевди эмес, КСДП фракция лидери Иса Өмүркуловду катуу сындаганга үлгүрүштү. Алар Өмүркуловдун жүздөгөн гектарларды ээлеп алганын, жыйырма жылдан бери партиянын атын сатып жүргөнүн айтышып, ой-да бир бакылдашып, шыбап алганга үлгүрүштү. Таңгалычтуу, бул демилгенин уюштуруучусу Абдрахманов болуп атса, бийликтин камчысын чабуу менен Атамбаевди жамандоо пландары ишке ашпай, Өмүркуловду каралап кириикени кандай? Кызыгы, Иса мырзанын кадыр-баркын кетирүү үчүн атайын кичи мекенинен сокку урууга кимдер кызыкдар болуп атат? Албетте, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабаган» сыңары, дал ушул оюндун артындагы кызык интригалар жакынкы күндөрү ачыкталса керек.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу