«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын дагы бир жыйыны өттү

Бишкекте «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын Октябрь райондук жыйыны өтүп, ошол аймактагы жетекчиси шайланды. Конференция 20-декабрда болду.

Кыймылдын башчысы, өзүн «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн» деп атаган Сагынбек Абдрахманов жыйындар партияны тазалоо жана Алмазбек Атамбаевди лидерликтен алуу максатында уюштурулуп жатканын айтты.

«Атамбаевсиз КСДП» деген ураан менен жыйындар буга чейин Бишкектин башка райондорунда жана төрт облуста уюштурулду.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кыймыл КСДПны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, артында азыркы бийликтин өкүлдөрү турарын айтты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу