«Атамбаевсиз КСДП» аттуу жыйын төрт облуста өттү

Кыргызстанда «Атамбаевсиз КСДП» деген чакырык менен төрт облуста -Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас дубандарында жыйындар уюштурулду.

Бул тууралуу жыйынды уюштуруучулардын бири Сагынбек Абдырахманов «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, ушул аптада «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйындын катышуучуларын парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алып, колдогон.

— «КСДПга жалаң уурулар, коррупционерлер келип алышты» деген сындуу катуу сөздөр айтылды, — дейт Абдрахманов. — Анан «ошолордон тазаланыш керек, анын башында турган Атамбаевди съездде гана кетиребиз» деген сөз болду. Съездди кандай өткөрүш керек — ал дагы айтылды. Мына ушундай сындын баарын Иса Шейшенкулович абдан туура кабыл алды деп ойлойм. Иса Өмүркулов терс эч нерсе айткан жок. «Туура» деп колдоду.

Иса Өмүркулов менен жолугушуу болгонун «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйындарга катышып жүргөндөрдүн бири, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Нурбүбү Кененбаева да ырастады.

Өмүркуловдон бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Быйыл март айында КСДПнын жыйыны өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган.

Буга чейин КСДП «Сагынбек Абдрахманов саясий кеңештин чечими менен былтыр партиянын катарынан чыгарылган» деген маалымат тараткан. ​

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу