Атамбаевди урматтаган 5 эле депутаты калганбы?

Колдо бийлик болбосо жаныңда жүргөн жоро-жолдоштор, кечээ эле колуна суу куюп жүгүнүп жүргөн адамдар да жолобой качып калышат тура. Муну экс-ажо Атамбаевдин туулган күнүндө көрбөдүкпү. Ажо болуп турганда көзүнүн карасы менен тең айланып жүргөндөрдүн бирөөсү да “Форумдун” алдында ыр ырдап тосуп алгандардын арасынан көрүнбөдү. Жогорку Кеңешке депутат кылып алып келген 38 адамдын бирөөсү барып куттуктаганга жараган жокпу? Баары Атамбаевдин жакшылыгын унуткан, эки жүздүүлөр го деген ой жаралган. Атамбаевдин амири менен депутаттык мандат алган 38 КСДП депутаттарынын ичинен бешөө экс-ажону туулган күнү менен куттуктап барышыптыр. Асель Кодуранова, Марат Аманкулов, Данияр Аттокуров, Рыскелди Момбеков, Мурадыл Мадеминов деген беш депутат Атамбаевдин ишенимдүү адамдары экенин куттук айтуу менен далилдешиптир. Калган 33 депутаттан кабар болбоптур. Президент кезинде мактанып айткан демилге-долбоорлорунун баарынын быт-чыты чыгып, коррупция менен ишенгендери камалып, өзүнүн колуна кишен салынып калуу коркунучу жаралып жаткан кезде 38 депутатынын бешөө гана куттуктап барганы абал жакшы эмес экенинен кабар бергени да. Кана жакын досу деп саналган Иса Өмүркулов? Спикерликке чейин көтөргөн Чыныбай Турсунбекову кайда жүрөт?

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу