АТАМБАЕВДИН ЭКС-ШООПУРУ, АЗЫРКЫ КЕҢЕШЧИСИ ИЛМИЯНОВ ЛЕЙЛЕКТЕГИ КУРУЛУШЧУ-ТУУГАНДАРЫН “ТАКАЛАДЫ”

Президенттин “шоопур” атка конгон кенешчиси Икрамжан Илмиянов Лейлек районунун Баул айылында 225 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышып, мамлекет тарабынан толук каржыланганына карабай жай жүрүп жаткан ишке таарынычын билдирди.

– Бул жүрүшүңөр менен сентябрга да бүтпөйсүңөр. Бирок, айтып коеюн, курулуштун бүтүү мөөнөтү жана акчасы боюнча баарыңарга иш козготом. Давайте, тууганчылык тууганчылык жолу менен, иш иш менен болсун, – деди Илмиянов Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгын башчысы Мелис Калыковго кайрылып.

Андан ары айылдын активдери, аксакалдары менен болгон жолугушууда “Мектеп курулушунун жүрүшү мынчалык созулат, мындай кемчиликтер менен болот деп ойлогон жок элек. Болбосо былтыр, ноябрда мамлекеттен берилчү акчанын баарын бөлүп бергенбиз. Булар болсо Баул айылынын деңиз деңгээлинен өтө бийик турганын, кардын калың түшүп, жаздын кеч келгенин айтып, мындай-тигиндей болуп калды дешүүдө. Мындан суук, кары калың Сибирде, мындан бийик жерлерде деле курулуш иштери токтобой жүрүп турат. Ошондуктан мен мындай шылтоолорго ишенбейм. Туугандар, эми булар мектеп курулушун 1-августка толугу менен бүтүрөбүз деп сөз берип жатышат. Сиздер билип алыңыздар, курулушчулар кошумча курулуш иштерине чейин кошумча акчаларын азыр алат” – деп кошумчалады Икрамжан Илмиянов.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу