Атамбаевдин чөнтөк судьясы кандайча Раим-миллиондун кызматын калыбына келтирди?

Бүгүн Биринчи Май райондук соту «Раим-миллион» деген каймана ат менен белгилүү болгон Раим Матраимовду кызматына кайтып барууга уруксат берген чечимди чыгарды. Мындай чечимди судья Алмаз Калыбаев кабыл алды.

Бул судья Рябушкиндин, Ташиевдин жана башка саясатчылардын ишин караган. Аны толугу менен Атамбаевдин чөнтөк судьясы деп атоого болот, себеби ал баардык ишти Алмазбек Атамбаевдин пайдасына буруп келген.

2015-жылдын май айында бул судья «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн экс-ээси Александр Кимди Александр Рябушкинге 388 млн сом төлөп берүү чечимин чыгарган. «Вечерканын» эмгек жамаатынын пикири боюнча, бул кадамды рейдерлик басып алуудан башкача атоого болбойт эле. Эмнеге бул чечим дал ушул Атамбаевдики? Себеби, парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында Атамбаевге жана анын командасына ММКнын таасири же эч болбоду дегенде анын унчукпай туруусу керек болгон. «Вечерка» жетишээрлик чоң холдинг, анын ошол убакта жетишээрлик чоң окурмандар аудиториясы болгон, басма жүзүндө да, интернетте да.

Ошондой эле 2015-жылы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоого катыштырылбай калган. Ташиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Абдыбахаповду сабап салган, ал үчүн шайлоого катышуу укугунан ажыраган. Кийинчерээк Ташиев шайлоого катышууга уруксат берүүсүн суранып, сотко кайрылган. Бирок, судья Алмаз Калыбаев ага жол берген эмес.

Ошондой эле судья Калыбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргогон. Дача-СУ айылына учак кулагандан кийин Zanoza.kg сайтында Текебаевдин адвокатынын кыйраган учакта болгондугу тууралуу билдирүүсү пайда болгон. Ошондон кийин Башкы прокуратура басылманы жана Текебаевдин адвокатын президенттин ар-намысын коргоо боюнча доо арыз берген. Алмаз Калыбаев бул ишти карап жана Zanoza.kg сайтын 3 млнго, ал эми адвокатты 5 млн сом айып пулга жыккан. Ошондой эле сот жарыяланган макаланы төгүндөөнү милдеттендирген.

Раим Матраимов сотту сатып алганы тууралуу имиштер көптөн бери эле айтылып келет. Мисалы, 25-майда Gezitter.org сайты «Ачык Саясат» басылмасындагы макаланы которуп жарыялаган. Анда «Биринчи Май райондук сотунун судьясы Калыбаев Алмаз мыйзамды тебелеп, бул ишти кароону колуна алды. Ал кандай чечим кабыл албасын, бул ишти колго алганы сот системасына дагы бир жолу залакасын тийгизди. Ким билет, эгерде Калыбаев Матраимовду актап жиберсе таң калбай койсок деле болот». Бүгүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Матраимовдун кызматка баруусуна уруксат берген чечимди кабыл алганы боюнча маалымат пайда болгондон кийин социалдык түйүндөрдө судья Калыбаев Матраимовдон 700 миң АКШ долларын сураптыр деген кеп кетти. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Матраимов судьяны анын пайдасына чечим чыгаруусу үчүн 500 миң АКШ долларына көндүрүптүр.

Андыктан Матраимовдун иши эми абсурд болуп сезилбейт, себеби ал боюнча Атамбаевдин чөнтөк судьясы чечим чыгарды. Окуянын мыңдай өңүткө бурулушу Атамбаевдин өзүнөн башка эч кимге пайдалуу эмес, себеби ага гана эл ичинде «Жээнбеков жаман, ал эми соттук реформа иштебей жатат» деген кепт ин жүрүшү пайдалуу.

Демек, Атамбаевдин чөнтөк судьясы Калыбаев «керектүү» чечим кабыл алды, аны менен ал бүгүнкү күндө экс-президенттин командасы аракет кылып аткан коомчулукта чоң резонанс жаратты. Андыктан жүрүп аткан соттук реформанын жүрүшүндө Алмаз Калыбаев сыяктуу судьялар өз кызмат орундарынан бошоп жана өздөрү соттолуучунун ордунда отуруп калышат дегенге ишенгибиз келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу