Атамбаевдин «троллдору» аркылуу көралбастыктын, ичи тардыктын классикалык үлгүсүн көрсөтүүдө

2-сентябрь күнү кечинде кереметтүү Ысык-Көл боюнда дүйнө элинин көңүлүн бурган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Сахнанын жасалгаланышы, жаңы стенография, чоң экрандар, алар жөн эле экран эмес, атайын чоң конструкцияга жайгашып, өзгөчөлүгү менен экендигин да баамдоого болду. Ошондой эле көчмөн элдердин турмушун, тарыхын, маданиятын чагылдырган театралдаштырылган көргөзмө да өтө жогорку деңгээлде даярдалганын белгилеп коюу керек. Бул ирет мурдагы көчмөндөр оюндарына салыштырмалуу оюндун ачылыш аземине мартабалуу, кадыр-барктуу коноктор келди. Алсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты.

Алардын сырткары Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да кадырлуу конок болду. Ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн маданият министрлери, эл аралык өнөктөштөрдүн жетекчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 2016-жылы болуп өткөн Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттун 24 түрүнөн таймаш болгон болсо, бул ирет спорттун 37 түрүнөн таймаш болгону турат. Мисалы, тажик күрөшү, корея, жапон жана монгол күрөштөрү да кошулду. Айтор, Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө чоң салтанат менен ачылды. Бирок, ушундай улут сыймыктана турган, мамлекетибиз сыймыктана турган учурда ичинен кара таруу айланбай, көралбастык кылып аткандар да чыгууда.

Мисалы, экс-президент А. Атамбаевдин интернеттин социалдык түйүндөрүндөгү «троллдору» «Бул жолку көчмөндөр оюндары өтө жакшы болбой калды, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жеткен жок» деген мааниде кооментарийлерди биринин артынан бирин жазышууда. Албетте, бизде сөз эркиндиги бар, ар ким өзүнүн пикирин ачык жарыялай алат. Эгерде ушундай пикирди жазып аткандар өздөрүнүн аты менен жазганда бул жолку көчмөндөр оюндары өтө жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилешмек. Себеби, чындыгында жогорку деңгээлдеги ачылыш болду. Болгону алар экс-президенттин ич күйдүлүгүнүн куралы болушууда. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын телевизордон көрүп, ичинен кан өтүп отурган АША улам «100 граммдан» согуп коюп, маалыматчыларына «давай соккула!» деп кызарып-татарып отурду да.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу