Атамбаевдин тактика жана стратегиясы…

КСДПнын курултайы өттү. Эл ичиндеги имиш-имиштер туура чыгып, Атамбаев Жээнбековго катуу каптап, ич күптүсүн чыгарды. Ошону менен бирге ал мындан ары ким менен болуп, кимге басым жасаарын да ачыктады.

Атамбаевдин жакынкы мезгилдеги тактикасы Сапар Исаковдун өкмөтүн сактап калуу жана коргоо болмокчу. Ал аркылуу мамлекеттик ресурсту колдо кармоого аракет жасалат. Ошон үчүн Атамбаев Сапар Исаковду “байдын кызындай” мактап, Бишкек ЖЭБиндеги кылым коррупциясынан алыс деп, чаң жугузбаганга аракеттенди. ЖЭБди модернизациялоонун авторумун деген Атамбаев андагы коррупцияга өзүн да ныпым жолотподу?!…

Бирок да Жогорку Кеңеште да тажрыйбалуу адамдар бар. Алар “иттин өлүгү” Атамбаев-Исаков тандеминде жатканын билип, аны талкалоо үчүн Сапар Исаковдун өкмөтүн кетирүүгө дааса, анда Атамбаев Жогорку Кеңешти таратып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого баруу стратегиясына киришет.

Жогорку Кеңеш таратуу үчүн Атамбаев митинг, жөө жүрүштөрдү уюштуруп, депутаттардын жүрөгүн алууга даяр. Ошондуктан 10 миң адам чыга турган жөө жүрүш жөнүндө имиштер атайын таратылып жатат.

Атамбаев алдыдагы саясий күрөштө союздашы жок экенин мойнуна алды. Ошондуктан ал башка саясий партия, саясий күчтөргө “кеңешин берүүгө” даярдыгын билдирди. Муну менен Атамбаевге союздаш болом дегендерге парламенттен анча-мынча мандат бөлүшүүгө даярдыгын кыйытты. Бул кайырмакка илинчү ошол эле Бабанов партиясы, Төрөбаев партиясы болушу мүмкүн…

Атамбаев максаты парламенттик башкарууну орнотуу же үй-бүлөлүк башкарууну жолотпоо эмес, анын максаты коррупциялык чуулгандуу иштердин козголуп, зыяны тийип калышына жол бербөөдө турат. Ал үчүн Атамбаев баарына барууга даяр.

Чоң саясий күрөш үчүн Атамбаевде финансылык, медиа жана башка ресурстар ашыгы менен турат.

Сооронбай Жээнбеков кандай тактика колдоно алат? Анын эң башкы көзүрү колундагы президенттик мандаты. Элдин үмүтү. Бирок ал үмүттү жана ишеничти Атамбаевдин пропагандалык машинасы быт-ытын чыгарууга даяр. Ага алар киришүүдө. Атамбаевдин Бишкек ЖЭБиндеги коррупция үчүн Жээнбековду айыптоосу бекер айтылган жок. Жээнбековду Текебаев, Жапаров тагдыры күтүп турганы эскертилди…

Ошондуктан Жээнбековдо эки жол турат. Анын бири парламентте жаңы көпчүлүк коалиция түзүп, өкмөттү алмаштыруу. Ошону менен Атамбаевдин мамлекеттик ресурсту пайдалануусуна жол бербөөгө жетишүү маселеси турат.

Эгерде ага бара албаса, анда Атамбаев ыгынан чыкпай “тал отургузуучу” президентке айланууга тийиш. Бул экинчи жолу…

Жээнбеков биринчи жолду тандаган болсо, анда жалган жалаа менен соттолгон Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубан Кадыров өңдүү саясатчыларды ырайым берүү менен абактан бошотуп, жарандык коомго таянуусу зарыл. Мына ошондо ал Кыргызстанды коррупциянын чеңгелинен чыгарып, өзүнүн президенттик миссиясын абийирдүүлүк менен аткарууга шанс алат…

Булак: Элньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу