Атамбаевдин саясатка кайра келиши: Эмнени күтүүгө болот???

Учурда кыргыз элитасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайра келээрин тарапташтары да, оппозиция өкүлдөрү да чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Алгач былтыр декабрь айына, анан 2018-жылдын январь айына дайындалган
бийликтеги партиянын жыйыны эми февраль айына жылдырылганын, анда лидерди тандап алуу маселеси караларын жана бул орунга бир гана А. Атамбаев татыктуу экенин көздөй кадры, азыр президенттик аппаратты жетектеп отурган Ф. Ниязов коомчулукка
жарыялаган эле. Жакында КСДПнын жарчы-депутаты Ы. Момбеков кичи мекени Таласка барып, бийлик партиясы үчүн лидерди тандоонун, курултай өткөрүп убара болуунун зарылчылыгы деле жоктугун, себеби А. Атамбаев бул орунду эч кимге тапшырып
бербегендигин айтып жар салды. Анткени ал өзү былтыр кызматын тапшырып жатып окемдер “Я ухожу, чтобы вернутся”,
— дегендей, “өзүм менен кошо бир топ эски саясатчыларды алып кетем. Мен кайра келем, бирок алар келишпейт…”, — деп баарыбыздын оозубузду ачырган болчу. Анын мындай планын ошол учурда оппозициянын башында туруп, ооматы келе баштаган
жана президенттикке аттанары белгилүү болуп калган “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев “А. Атамбаев Польшанын экс-президенти Ярослав Качиньский (2010-жылы Смоленскиде авиакатастрофадан каза болгон президент Лех Качиньскинин бир тууганы)
сыяктуу бийликтен кетсе да жогорку кызматтарга коюп кеткен мурдагы жансакчы, шоопур, таразачы, кайын журттары сыяктуу партиянын терисин жамынган кландары аркылуу башкара берерин айткан.

Баса, А. АтамбаевӨ. Текебаевден тышкары азыр эки жумадан бери кургак ачкачылык жарыялап, эс-учун жогото баштаган Б. Асанов, К. Кадыров, Э. Карыбеков, С. Жапаров, “Атамбаев кыргыз элине миң жылда бир келүүчү кесепет” деген сөзүнүн азабын тартып
жаткан Б. Талгарбеков, Д. Сарыгулов, К. Самаков, К. Исаев сыяктуу отузга жакын кыргыздын бычакка сап жигиттерине далили жок, жасалма айыптарды тагып, алдын он, артын жыйырма жылдан түрмөгө отургузса, К. Ташиев, Н. Түлеев, А. Келдибеков жана
башка экс-депутаттардын мандатын, мүлкүн тартып алып, сындырды. Мындан тышкары А. Атамбаевдин доорунда кирешелүү ишкана болуп саналган “Вечерний Бишкек” басма үйү гезит, сайт, үч кабат эбегейсиз имараты, басмаканасы
менен кошо тартылып алынып, азыр медиа тармагынан кымындай да түшүнүгү жок “подставной” бизнесмендер башкарып, түшкөн кирешени күндө шыпырып кетип жатышкандыгын мурда ушул гезитте иштегендер айтышууда. Ал эми Ч. Жакупова,
Н. Айып, Д. Маслова сыяктуу оппозициячыл журналисттер он миллион сомдук доого жыгылышып, кечээ сот алардын үй-мүлкүн сатыкка коюу чечимин чыгарды. 2015-жылы Москвада он төрт кызыбыз тирүүлөй күйүп кетип, бүтүндөй кыргыз эли аза
күтүп, кан жутуп турган күндөрү Конституцияга президент менен премьер-министрдин ыйгарым укуктарын бөлүштүргөн референдум өткөрүп, ага 33% гана эл келгенине карабай өттү деп чечим кабыл алдырган А. Атамбаев жана анын тегерегиндегилердин
максаты, кагаз жүзүндө гана аткарылып, ишке ашпаган “Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы” өздөрү түбөлүк бийликте калуу экендиги ачыкка чыгууда.
Эми өз элине ушунчалык кыянатчылык кылган, алты жылда алты ишкана курбаган экс- президенттин Кой-Таштагы хансарайында жатып алып кайра саясатка келишинин канчалык зарылчылыгы бар, дегеле ал өзү кандай максатты көздөйт жана эл кандай
кабыл алат? Дүйнөлүк практикада деле кызматтан кеткен президенттердин саясатка кайтып келгендиги, болгондо да көмүскө башкаруу аракети дээрлик жок же жогоруда айтылган Польшанын экс-президенти Я. Качиньски сыяктуу сейрек кездешет жана арты
трагедиялуу аяктаган. Мисалы, демократиянын атасы болгон АКШда эки мөөнөт башкарган президенттер саясаттан биротоло кетишет. Бирок бийликти өлгөнчө мурастап алган Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхында экс-президенттерди көрө да
албайсың. Бир гана биз экөөсүн кубалап, өткөөл мезгилде бир жарым жыл башкарган Р. Отунбаева өзүнүн атындагы фондду башкарып, ар кандай кайрымдуулук иштери менен алектенүүдө. РаматылыкА. Масалиев Коммунисттик партиянын башында турган менен өлкөбүздөгү саясатты өзгөртө алган эмес. Ал эми көралбастар тарабынан ак жеринен айып тагылып Москвага кетүүгө аргасыз болгон И. Раззаков кийин бир гана жолу Кыргызстанга келип-кетүүгө уруксат алган. Т. Усубалиев кийинки өмүрүн депутаттык ишмердүүлүк, мемуарларды жазуу менен өткөрдү.

Ал эми А. Атамбаевдин саясатка кайра келем деп жатышы өтө опурталдуу болууда. Эң оболу ал эки элдик революциянын толкуну менен гана акчасы жана оппозициянын башында тургандыгы аркылуу бийликке келип калды. Анткен менен жеке адамдык, падыша, президентке тиешелүү айкөлдүк, көрөгөчтүк, чарбачылдык, кечиримдүүлүк сыяктуу сапаттары жок. Болбосо өзү айткандай, “долларовый мультимиллионер” болуп туруп журналисттерге койгон доосун өндүрүүнү талап кылып, аларды кыштын кыраан чилдесинде бала-чакасы менен көчөгө кууп чыкпайт эле да. Ошол эле учурда мурда- кийин өзүн жандап жүргөндөрдү кесиби, деңгээли ылайык келер, келбестигине карабай мамлекеттик жооптуу кызматтарга коюп, кландык, трайбалисттик “жөндөмүн” да көрсөтүп койгон. Эгер эсиңиздерде болсо, А. Атамбаев бийликте туруп “Башка партиялар жалаң акчалууларды тизмесине киргизип алган, биздин катарыбыз таза…”, — деген болчу.
Бирок анын партиясынын катардагы мүчөлөрүн мындай коёлу, бир нече депутаттары бири ээнооздугу менен эл-журтка таанылса, башкалары жеп-ичкендиги боюнча кылмыш иши козголуп, чыныгы жүзү көрүнүүдө. Анткен менен кетер алдында кийин партиялык
тизмени тазалай тургандыгын да айтканы бар. Эми ошол тазалар ким болот? Эл арасында айтылып жүргөндөй, парламентти таратып,
кайра шайлоо өткөрөбү? Баягыдай эле жомоктогудай эски тепшини кармап отуруп калган, мамлекеттин тышкы карызын беш миллиард долларга жеткирип, ай сайын 86  млн доллар карыз алып жашап жаткан абалга жеткирген А. Атамбаев гежана анын
КСДП партиясына эл эми ишеним көрсөтөбү?

Э. Момунов

Булак: Жаңы Ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу