Атамбаевдин «оң кол», «сол колдору» альтернативдүү жолдон 600 миллион доллар «ашаганбы»?

2018  Мына ушундай маалыматтар айтыла баштады. «Жел жүрбөсө чөптүн башы ыргалбайт» деп бекеринен айтылган эмес да. Жол куруунун күңгөй-тескейин жакшы түшүнгөн эксперттердин айтымында жаңы курулуп аткан альтернативалуу жол Акаевдин тушунда курулган Бишкек-Ош жолуна салыштырмалуу эки эсеге кыска болгону менен коротулган акча каражатынын суммасы эки эсеге көп болуп жатат. Ошондон улам парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев баш болгон депутаттык комиссия альтернативалуу жолдун курулушун иликтемей болду. Эгерде иликтөөдөн жүз миллиондогон долларлардын изи кумга сиңгендей жок болуп кеткени тастыктала турган болсо, анда экс-президент А. Атамбаев жана анын убагындагы транспорт министри К. Султанов, «оң колу» С. Исаков сыяктуу бир нече «лөктөрдүн» үстүнөн дагы кылмыш иши козголору турган иш.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу