Атамбаевдин мураскери Бабанов экени ачыкка чыктыбы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери Өмүрбек Бабанов болот окшойт. Ал, кечээки отурумда «Алмазбек Шаршенович, учурдан пайдаланып сизге ыраазычылык билдирип кетким келет, ыраазычылык билдирип кетким келет!»,-деп кайталап айтып, Стабилдүүлүктү сактаган Алмаз Атамбаев экенин, өнүгүүгө шарт түзүп жаткан Атамбаев экенин айтып мактады.
Эгер андай болсо, Бабановдун электораты эликтей секирип качып, башканы шайлашат. Президент кимди мураскер кылбасын, эл ага каршы иштейт. Бабановдун «арзымат» сөзүнөн кийин башка ойду айтуу кыйын. Же, «Жакында Бабанов камалат имиш» деген сөздөрдөн коркуп Атамбаевге мактоо айтып жатканыбы? Мынчалык мактоодон кийин, Атамбаев аны камап салса дагы эл алакан чаап, БӨТтү колдобой коюшу толук мүмкүн. Бирок, Атамбаев президенттик шайлоодо өзүнүн мураскеринин эң чоң атаандашы Бабанов экенин жакшы билет.
Ошон үчүн БӨТ камалат же мураскер болот. Бабанов президент болуп калган күнү, Роза Исаковнанын аянттагы ызаасын Атамбаевден эки эселеп чыгарып берет. Өмүрбек Токтогулович саясатты бизнестин көзү менен , өтө аяр карайт. Ал, жеңишке жеткен күнү Атамбаевдин Арашандагы үйүнүн үстүнө кара булут каалгый баштайт…

Мындай пикирин белгилүү журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбукдагы баракчачына билдирди. 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу