Атамбаевдин «мен-менсинүүсү» КСДПга «Ата-Мекен» партиясынын кейпин кийгизеби?

31-мартта өткөргөн маалымат жыйынында экс-президенттин сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда ажырым кеткени коомчулук үчүн белгилүү болуп калды. Бул экөөнүн ортосунда боло турган конфликт Москва жана Вашингтондун кийлигишүүсүндөгү олуттуу каршылашууга алып келиши мүмкүн деген пикирлер да жок эмес.

Маалымат жыйынында экс-президент А. Атамбаев 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы президент С. Жээнбековдун коррупция тууралуу билдирүүсүнө макул эместигин жана кадрлык өзгөрүүлөргө карата жетишээрлик деңгээлде каршы сөзүн айткан.

Бул каршылашуу тууралуу саясат таануучу Марс Сариев мындай дейт: «Тилекке каршы, алардын конфликти бир гана ички саясий кырдаалга эмес, жалпысынан мамлекеттин өнүгүшүнө да терс таасир бериши мүмкүн. Элестетиңиз, эгерде экөө тең ири эл аралык оюнчулар – Москва жана Вашингтондон колдоо издөөнү башташса эмне болот?».

Бирок, мамлекет башчысы С. Жээнбеков эч кандай ири эл аралык оюнчулардан колдоо издебесе деле боло тургандыгын кошумчалайт. Анын айтымында С. Жээнбеков азыр кабатыр болбой деле койсо болот, себеби ал бийликке келгенден бери карай коңшулаш мамлекеттердин лидерлеринин колдоосуна ээ болууга жетишти, ошондой эле республиканын түндүк жана түштүгүнүн жашоочуларынын да ишенимине ээ.

«Жээнбеков эми өзүнүн позициясын биротоло көрсөтүү үчүн, Атамбаевдин «кемин толуктап» коюшу керек. Анда экс-президенттики сыяктуу эле көп тарапташтары бар, андыктан азыркы тапта эң эле жакшысы – жакшы сокку берүү. Кантсе дагы учурдагы президент мурдагыга караганда көбүрөөк легитимдүү. Анда жетишээрлик ыйгарым укуктар бар. Ошол эле убакта Сооронбай Шариповичти мурда Алмазбек Шаршеновичти дайыма сындап келишкен оппозиция да колдоп атат», — дейт Марс Сариев.

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев мурдагы президенттин маалымат жыйынында айткандарына өтө иренжип калганын айтат. «Мен бул журналисттер менен жолугушууга чакырылгам жана Алмазбек Атамбаевдин сөзү мен үчүн жагымсыз сюрприз болгонун айта алам. Мен албетте, андан мындайды күткөн эмесмин. Анын сөздөрүнөн менменсинүү байкалды, мамлекет башчысына карата андай мамиле кылуу орунсуз», — дейт ал.

Мындан сырткары Осмоналиев Жээнбеков менен Атамбаев ар башка темпераменттеги адамдар экенин, ага ылайык кыйын кырдаалдарда алар өздөрүн ар башкача алып жүрүшөөрүн белгилейт.

«Саясатта достук жок, болгону мамлекеттин кызыкчылыгы бар! Сооронбай Шарипович акылы жана мүнөзү боюнча таптакыр башка адам. Менин оюмча ал бул конфликт кырдаалын чечүүдө акылга салат. Мындай оюндарга байланып калбоого анын акылы жетет. Менин оюмча алар эртеби-кечпи тил табышат жана басым мамлекеттин кызыкчылыгына коюлат. Ошол эле убакта учурдагы президент азыркыга чейин бир дагы одоно ката кетирген жок, бул ал үчүн жакшы», — дейт Кайрат Осмоналиев.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу