Атамбаевдин кыңыр иштери иликтенмей болду…

Өзбекстандык олигарх Салимбай байбача менен майрамдап, аны айга-күнгө теңеп теңселген Оштун байларынын бири Жалил Атамбаевдин салыктарды жашырганы боюнча макаласы “Азаттык» сайтына «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген ат менен жарык көргөн. Мына ошондон соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштагандыгы белгилүү болду. Аталган макаланын видео тасмасында айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси менен текшерилип жатат. Иштин чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын расмий булактарда кабарланды. Журналист Ыдырыс Исаковдун ал иликтөөсүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы айтылып, салыктан качкан «ишкерлер» көрсөтүлгөн. Анда мисал катары Оштогу ишкер Жалил Атамбаевге таандык делген ишкана, мекемелер Атамбаевге таандык экендиги айтылып, бюджетке салык төлөбөй келатканы сөз болгон.

БУЛАК: Факты.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу