Атамбаевдин кызы Алия экинчи жолу наристесин күтүүдө

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы экинчи ирээт көз жарат. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева экинчи жолу наристесин күтүүдө. Ал мындай жакшы кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жакында эле УЗИ кыз экенин көрсөттү. Эмне деп ойлонууну да билбей турам. Жакшысы, эч нерсе ойлонбой эле, жай сыяктуу билинбей өтүп жаткан учурга ырахаттануу керек», — деп жазылат Шагиеванын баракчасында.

Эске салсак, Алия Шагиева жолдошу Константин экө 2017-жылы 20-мартта уулду болуп, кубанычтары менен бөлүшкөн.

Булак: Govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу