Атамбаевдин коррупциялык изи…

Коррупция дегендин чеги жок, улутка да карабай тургандыгы белгилүү. Ал бүткүл дүйнөнүн оорусу. Ошол оорунун «учкуну» жаралса эле болду, андан алоолонгон от тутанткысы келгендер көп. Экс-президент А. Атамбаевдин доору жүрүп турган убакта, ал коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп аткандай болгон. Бирок, реалдуулукта ал өзү коррупциянын башында турганы белгилүү болуп калды. Анын убагында Бишкек ТЭЦи үчүн казакстандык көмүр сатып алуу боюнча конкурс өткөн. Ага болгону эки гана компания катышкан. Биринчиси, «Рассвет Компани» ЖЧКсы болсо, экинчиси «Евротранс Групп» компаниясы болгон. Ошол убакта эле эксперттер «Эмне үчүн бул конкурска болгону эки гана компания катышып атат? Же калгандарын катыштырбай атышабы?» деген суроону салышкан. Айтор, ток этерин айтканда конкурстан «Рассвет Компани» ЖЧКсы утуп чыккан. Көмүр ташып келүүнүн суммасы 1 млрд 420 млн сомду түзгөн. Ал эми «Рассвет Компанинин» жүгүртүүдөгү каражаты болгону 700 миң сомду түзгөн. Анан ошол убакта «Электрдик станциялар» компаниясы (сатып алуучу) ««Рассвет Компани» көмүрдүн акчасын алдын-ала толугу менен берүүнү талап кылып атат» деп ишендиришкен. Бул компания Кыргызстан менен Александр Машкевич ээлик кылган «Шубарколь» көмүр кенинин ортосунда ортомчулук кылып келет. Машкевич Бишкек шаарында төрөлүп (ал кезде Фрунзе шаары эле), Казакстанда миллиардер болгон, Канаданын жана Израилдин жарандыгын алган. Ал көмүр бизнесинен тышкары Eurasian Resources Group S.a.r.l компаниясынын менеджерлер тобунун кеңешинин төрагасы жана «Евразиялык банк» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы. «ТНК «Казхром», «ССГПО» АК, «Алюминий Казахстана» АК, «Казахстанский электролизный завод» АК (АК «КЭЗ»), «Евроазиатская энергетическая корпорация» АК (АК «ЕЭК») компанияларында дагы. Бул иште Машкевичтин туруктуу өнөктөшү, дагы бир миллиардер Патох (Фаттах) Шодиев да катышат. Ал Өзбекстанда төрөлүп, СССР таркагандан кийин Казакстанга келип, бизнес менен шугулданып, жыйынтыгында Бельгиянын жарандыгын алып, анан дагы эмнегедир көптөгөн коомдук жана илимий уюмдардарга мүчө болуп, илимдин доктору, академик болуп алган. Ал эми аларга Кыргызстанда экс-президент Алмазбек Атамбаев жардам берип турат. А. Атамбаевдин таржымалы да өтө кызык. Мисалы, ал саясат менен алектенгенге чейин жазуучу болгусу келип, Кыргызстан жазуучулар союзун жетектеген. Анан аны жазуучулар 50 млн рубль өлчөмүндөгү Россиядан келген грантты кымырып алганын айтып, айыптап чыгышкан. Ал эми анын президенттик мөөнөтүндө жогорку мамлекеттик кызматтарга жансакчылар, шоопурлар, катчылар дайындалганы менен өзгөчөлөндү. Анын мына ушундай мурунку жеке кызматчыларынын бири алты жыл ичинде Кыргызстандагы алдыңкы 100 бай адамдын катарына кошулганы белгилүү болду. Ал эми анын жансакчысын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпташты. Анан А. Атамбаев президент болуп, кайтарууга алынган персона болуп калгандан кийин, анын жансакчысына козголгон кылмыш ишин жаап салышты. Андан кийин коомдук активисттер Атамбаевди кирешени жашыруу, паракорчулук сыяктуу иштерге айыптап чыгышкан. А. Атамбаев өзүнүн президенттик доору аяктай баштаган маалда журналисттерге, активисттерге, оппозициялык саясатчыларга жана укук коргоочуларга карата өтө ири суммадагы соттук доолорду койгон. Андан сырткары ал Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин дарегине орунсуз катуу сын айтып, эки өлкө ортосундагы мамилени бузуп, өлкөбүздүн экономикалык абалына залакасын тийгизген. Мына ушул таржымалдарды тиешелүү органдар иликтөөгө алганы дурус болор. Себеби, А. Атамбаев балким дагы деле «Рассвет Компани» аркылуу Казакстандан көмүр ташып аткан болушу мүмкүн. Ал экс-президент, бирок жасаган мыйзамсыз иштери үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу