Атамбаевдин кол тийбестиги алынат…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз бийлиги гүлдөп турган убакта: «Мыйзам баарына бирдей болушу керек, эгерде мыйзам бузсам, анда мен жооп беремин, мени да жоопкерчиликке тарткыла» деп өтө көп айтчу. Кыязы, ошол айткандарына эми бекем тура турган учур жакындап калды окшойт.

Себеби, парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганы маалым болду. Бул мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-берене толугу менен өзгөртүлгөн.  Ал өзгөртүүлөргө ылайык, “экс-президент кызматта турган учурдагы аракети жана аракетсиздиги үчүн жоопко тартылбайт” деген бөлүгү толугу менен алынып салынып, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу Баш прокуратуранын сунушу менен Жогорку Кеңеште добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылары киргизилген. Эгерде мурда иштеп кеткен президент кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси бар деп айыптала турган болсо, анда аны изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт.

Албетте, бул демилгени көпчүлүк кыргызстандыктар колдоого алаары белгилүү. Себеби, өз бийлигинен пайдаланып, элдин, мамлекеттин ырыскысын өз кызыкчылыктарына пайдаланып жибергендер сөзсүз жазаланууга тийиш. Эгер алар жазаланбаса, анда мамлекетибизде эч качан коррупция жоюлбасы турган иш. Катаал жаза гана коррупциянын тамырына “кайнак суу” куюшу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу