Атамбаевдин кол тийбестигин алуу эми тездетилет

Юрист Нурбек Токтакунов ушул жылдын июнь айынын башталышында ”Президенттин иш-аракеттеринин кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзамдагы экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү норманын өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык келбестиги тууралуу доо менен Конституциялык палатага кайрылса, палата жакында чындыгында эле аталган мыйзамдын 12-беренесиндеги кол тийбестик жөнүндөгү норма Баш мыйзамга ылайык келбей тургандыгы тууралуу вердикт чыгарды. Эми парламент жакынкы убакта милдеттүү түрдө аталган мыйзамдагы нормаларды Баш мыйзамга ылайык келтириши керек. Эгерде “Президенттин иш аракеттеринин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамды ушул парламент кабыл алса, анда автоматтык түрдө парламентти таркатуу жөнүндө маселе келип чыкмак.

Анткени, парламент кабыл алган мыйзам Конституциялык сот тарабынан баш мыйзамга ылайык келбейт деп табылса, бардык цивилдүү өлкөлөрдө парламент таркатылат. Бул мыйзамдын алгачкы варианты 2003-жылы, Баш мыйзам 2010-жылы кабыл алынган, демек, бул парламентке андай коркунуч жаралбайт, бирок азыркы парламенттин курамында ал убактарда депутат болуп жүргөндөр болуп, алар жогорудагы актылар үчүн добуш беришсе, алардын берген анттарына каршы иш кылгандыктары тууралуу маселе көтөрсө болот.

ЖКнын депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев “Президенттин иш-аракеттеринин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдашып, Өкмөткө жиберишкен. Конституциялык палатанын чечиминен кийин ал мыйзам долбоорун ЖК кароого мажбур болуп калды. Эми маселе; парламент эки депутат сунушташкандай, кол тийбестикти толугу менен алабы же айрымдар сунуш кылып жатышкандай, жарым жартылай калтырабы, дегенде гана калды. Депутаттар экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз тейлөөнү, ал көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүнө кызматтык автоунааны калтыруу жөнүндө нормаларды да алып салууну сунуш кылышууда. Эгерде экс-президентти айыптаган соттун чечими чыкса, кепилдиктердин бардыгы автоматтык түрдө токтотулат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу