Башкы прокуратура Атамбаевдин бизнесине байланыштуу жагдайларды териштирет

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырды.

Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Кубатованын «Азаттыкка» билдиришинче, Коррупцияга каршы кызмат экс-президенттин мүлкү боюнча коомдук ишмер Эдил Байсаловдун маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөрүн карап чыгышы керек.

Буга чейин Байсалов Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган. Ал 2017-жылы жүргүзгөн өз иликтөөлөрүнө таянып, экс-президент чет өлкөдөгү мүлкү боюнча жалган маалымат берген деп эсептейт.

Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Анда ал башкы прокурурорго 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.

Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан.

12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган.

Эдил Байсалов «Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булагын текшерүү зарыл» деп байма-бай билдирип келген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель» телеканалындагы маегинде да өзүнүн байлыгы тууралуу кенен билдирүү жасаган.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу