Атамбаевдин кетер кезеңдеги монологу

Атамбаев мамлекет башчысы катары 31-август, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө
акыркы куттуктоосун айтты. Куттуктоо адаттагыдай эле саясатка аралашты.
Кыргызстандыктарды өз түндүгүнө ээ болгон маанилүү күн президенттин ич күптүсүн
чыгарып алуусуна себеп болуп берди.

Бишкектиктер Атамбаевди колдоп келиштиби?

Мамлекет башчысынын пикиринде, анын бийлик чокусундагы жылдарында борбор
шаардын тургундарынын колдоосу күчтүү болуптур. “Биз алга умтула беребиз. Биз
дайыма кимдир бирөөдөн алдыга чыгып келебиз. Мен бишкектиктерге ыраазымын, алты
жыл бою президент катары мени колдоп келдиңер. Силер дайыма мен тарапта
болгонуңарды сезип келдим. Эгер мен кайсы бир ишти жасаганга үлгүрбөй калсам,
кечирим сурайм. Колдооңорго рахмат!” — деп билдирди президент.

“Жерүйдү” 100 миллион долларга сатканына абдан кубанат…

Акыркы жылдары Кыргызстанда буга чейин чечилбей келаткан бир топ маселелер
чечилди. Бул да Атамбаевдин пикири болду. Азыркы бийлик тушунда “Кыргызгаздын”
россиялык компанияга 1 долларга сатылганын унутуп калганбы: “Акыркы жылдары
Кыргызстанда ондогон жылдар бою чечилбей келген маселелер чечилип атат. Алардын
маанилүүлөрүн айтайын. Улуттук ресурстар мурдагыдай болбогон акчага сатылбай
калды. Жерүй алтын кенинин лицензиясын биз 100 миллион долларга сатып, ага
кошумча инвестор мурдагы лицензиянын ээсине 65 миллион сом төлөп берди. А
убагында бул алтын кен 300 сомго сатылган”,- деп тизмектеди Атамбаев.

Саясатчылар Кыргызстанды коммерциялык күркөгө айлантууда

Акырындык менен кеп саясат тарапка бурулду. Каяша кебин айтып, каршы турган
саясий оппоненттеринин короосуна таш ыргытууну бул сапар да аткарды.
“Биз коррупция менен күрөшүүгө чындап күрөш жүргүздүк. Мамкызматтарды мындай
жаман нерседен тазалоого аракеттендик. Айрыкча, бийликтин жогорку бутактарын.
Акыркы беш жылда эле жети миңге жакын коррупциялык иштер ачыкка чыкты. Чуу
чыгарган кылмыш иштери да козголду. Андай иштер жогорку даражадагы
чиновниктерге арналды. Мурдагыдай коррупциялык система эми кайтып келбейт. Эл да
буга жол бербейт. Бирок, жакшы иштер жасалып атканын келесоо, же эс-тутумун
жоготуп койгон адамдар көрө албай коюшту”,- деп баштаган президент андан ары
оппонеттеринин «короосуна» кирди: “Албетте, бир катар саясатчылар да мындай жакшы
жылыштарды көрө албай атышат, алардын эс-тутуму жоголгон, акыл-эси жок, абийири
да жок. Муну оңой эле түшүндүрүүгө болот: президенттик шайлоо жакындап калды.
Көптөгөн саясатчылар жалган жала менен ушак таратууга гана эмес, элдин эсебинен
чиновниктер байыган мурдагы чакты кайтарып алуу үчүн, Кыргызстанды коммерциялык
күркөгө айланту үчүн баарына даяр. Алар Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин
кылганын кайталагылары келет”.

Булак: «Майдан» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу