Атамбаевдин кайрадан «тирилип» келишине негиздер бар.

Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев досу Сооронбай Жээнбековго алданып калганын ичтен туюп, бирок, резонанстуу кадамдарга азырынча барууга эртелик кыла турганын сезип, убакгылуу түрдө артка чегингени байкалды. Дээрлик кадрлары кызматтардан кетишти. Эми эмне кылуу керек? Атамбаев үчүн бир гана жол бар: эски ыкмасына түшүп, электораты менен жакындан иштешип, ошого катар оппозициялык маанайда пиар иштери аркьшуу элдин назарын бурмакчы. Эң башкысы, бүгүн Атамбаевдин финансылык ресурсу күчтүү, кадыр-баркы түшүп калганын кайрадан көтөрүүнүн амалын ойлойт, Бакиев режиминде да мындан жаман акыбалда болчу, кырдаалдан чыгууну, адамдарды өзүнө тартууну билет эй.

Дал ушул шартга ал кайрадан бийликке келүүнүн түркун-түстүү амалдары менен иштөөгө жандалбастайт. Бирок, анын жанында кимдер болот? Ушул жагы да маанилүү. Биринчи кадамы бийликке каршы оппозициялык маалыматтык чабуулду кучөтуу жагынан ык коёру ажеп эмес. Анан парламентти таратуу демилгесин да эл колдойт. Себеби, Жогорку Кеңеште «отко айдаса отко, бокко айдаса бокко кете турган «өлүмсүктөр» отурганын» Сапар Исаков шардана кьлды эле, бул жагы коомчулукка жага түштү. Эмесе, далай оюндар алдыда экенине беркүңөрдөй ишене бергиле…

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу