Атамбаевдин жүрөгүнөн Раиса айымдан кем эмес орун тапкан — Икрам Илмиянов да кыйын экен…

Атамбаев бүгүн өзүнө “вечный” кеңешчи болуп келаткан Икрамжан Илмияновду кайрадан өзүнө кеңешчи кылып дайындады.Бирок ага бул жолу «коомдук башталыштагы» деген макамды кошуп коюшуптур. Кандай айырмасы бар? Коомдук болсо да, өз кеңешчи да. Белгилүү болгондой Икрам мырзаны Бишкек шаардык кеңешине шайлоо болоордун алдында бул кызматтан бошоткон болчу. Уламышка айланган “улуу саясатчы” болсо КСДПнын шайлоо штабын көзөмөлдөп, андан тышкары “Мекеним Кыргызстан” деген буга чейин аты­жыты жок партияны “сыйкырлап”, Бишкек шаардык кеңешине өткөргөнүн көп маалымат булактары жазышкан. Анын бирине да жооп айткан жок. Каалаганыңардай жаза бергиле, да айта бергиле башым оорубайт дегенсип койду. Андан кийин көпчүлүктү таң калдырып, депутаттык мандаттан баш тартты.

 

Тартылган сүрөткө тамаша:

А. А: -Дуба кылам, Икрам иштин көзүн билип, мени сатып кетпесе экен…                                                                                                         И. И: -Дуба кылам, Алмаз акем, башканы көчүккө тепсе экен, мага жүрөгүнөн терең орун берсе экен…

                                          Калгандары: Хан менен вазирдин жарыгы бизге да тийсе экен…

Кыскасы, Атамбаев “балам, жанымда эле жүргөнүң оң” (баласы эмей эмне, 20 жаштай кичүү)деп койгон окшобойбу. Өзү да ак үйдүн “серый кардиналы” болуп жүрүп жедеп көнүп калды го. Эмнеси болсо да, Атамбаев өзүнүн 25 жылдык саясатта жүргөн мезгилинде, өзгөчө президент болуп олтурган 6 жыл ичинде Илмияновго бир да адамды теңегени жок. Мурда –кийин жолдош болуп жүргөн, бир далай үзөнгүлөштөрү ажонун жанына жолой албай, чүкөлөрүн алыс ойноп калышты, томсорушуп. Илмиянов да эр экен, Атамбаевдин жүрөгүнөн Раиса айымдан кийин эле терең орун тааптыр десек болот. Баа бериш керек. Атамбаевдин жүрөгүн эки адам кыйла багынтыптыр (балдарын эске албаганда дейли), бири Раиса айым болсо, экинчиси Икрам мырза. Илмияновдой саясатчылар бир кылымда бир жаралат, жаралбаса жок. Мындай карап олтурсаң, Икрам мырза, Атамбаевдин таалайына бүткөн пендедей сезилип кетет экен… Эми эмне дейбиз, ажонун мөөнөтү аяктап баратат. Жакшы кеңештерди берип, жеңилин жерден, оорун колдон алып турсун. Балким шайлоого бир, эки ай калганда, биротоло бошоп, КСДПнын штабына барып калаар. Эмнеси болсо да, ийгилик жана ийгилик.

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу