Атамбаевдин Жээнбековго таштап кеткен белеги…

Кийинки кездери “Кыргызстан дефолттук абалга жакындоодо” деген коңгуроолор күч алууда. Буга өкмөттүн тышкы карызды төлөө үчүн эсеп ачуу демилгеси түрткү болгондой. Чындыгында Кыргызстандын тышкы карызы өсүп, Кытайдын алдында көз карандылыгыбыз артып баратканы коомчулуктун тынчын алып келет. Кийинки 7 жылда тыштан тартылып келген карыздардын көбү абийирсиз башкаруучулар тарабынан жеп-ичилип кеткени ачыкталган соң бул маселе андан бетер курчуду. Жемкорлукка шектелип четинен камалып жаткан чиновниктердин уурдаган каражатарын кайра кустурууну максат кылган жаңы бийлик кайтарылчу каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөргөн. Муну болсо эксперттик коомчулук “кыргыз бийлиги өлкөнүн өз карыздарын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн түгөнгөнүн моюндады” деп кабыл алды.

Бүгүнкү күнгө карата республиканын тышкы карызы 4,4 млрд долларды түзсө, анын 1,7 млрд доллары Кытайга туура келет. Тышкы карыз ИДПнын 56% түзөт жана ар бир жаранга 715 доллардан тийет. Бирок, эл аралык институттардын баалоосу боюнча Кыргызстандын насыя төлөө жөндөмү төмөн бойдон калууда. Тышкы карыздын ичинен эң кооптусу Кытайдын насыясы эсептелет, ал күн сайын 480 миң долларга өсүүдө.

Ал эми Борбор Азиядагы башка коңшулардын бул жааттагы абалы кантти экен? Казакстандын карызынын көлөмү шарт эле көзгө урунат – тышкы карызы ИДПнын 106% түзөт. Бирок, мындай көрсөткүчкө карабай Казакстандын дефолтко кириптер болгондугу тууралуу сөз козголбойт.

Казакстан. Тышкы карыз – 167,5 млрд доллар, ИДПга карата 106%. Карыз ар бир жаранга 8,2 миң доллардан туура келет. Казакстандын ири демөөрчүлөрү – Нидерланды (50 млрд $), Улу Британия (27,7 млрд $) жана АКШ (13,2 млрд $).

Өзбекстан. Тышкы карыз – 15,5 млрд доллар, ИДПга (36 млрд $) карата 40% тегереги. Тышкы карыз киши башына 485 доллардан туура келет.

Тажикстан. Тышкы карыз – 2879 млрд доллар. Анын 1 млрд 210 млн доллары Кытайдан (Эксимбанк) алынган. Ушул үчүн Тажикстанды Кытайдын толук барымтасындагы колониясы деп аташат.

Салыштырып караганда улуттук коопсуздукка коркунуч туулчу деле абалда эмеспиз. Бирок, мыйзамыбызда “тышкы карыз ИДПнын 60% ашпашы керек” деген норма бар. Андан ашканда өлкөнүн насыя төлөө жөндөмү алсырады деп таанылып, карыз берген тараптардын тынчсыздануусуна негиз жаралат. Мындай учурларда донорлор ал мамлекет менен иштешүүдөн качып, инвесторлор келбей калат жана Кытай сыяктуу катаал мамлекеттер карыздарын башка түрдөгү баалуу объектилер менен кайтарууга аракет жасашат. Кытайдын бир катар карызкор өлкөлөрдөн кен байлыктарын, деңиз жана аба майдандарын жана башка аймактык бирдиктерин тартып алган учурлары бар. Болгону, Алмазбек Атамбаевдин көбөйтүп кеткен тышкы карызы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун мойнуна түштү. Бул түйшүктүү белекти, «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаевди саттып кетти», дегендер терең ойлонсо болот. Анткени, 6 жылдын ишинде ашмалтайы чыгып кеткен экономиканы көтөрүүгө чоң күч жана менмин деген кыйын кадрлар керек! Тилекке каршы учурда өлкөдө кадр маселеси аксап турган убак.

Кубатбек Айбашов, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу