ОРОЗОДО СООП ТАПКАНДАР

Соопко бай Рамазан айын пайдаланып калууга шашып, жакшы иштерди жасагандар арбын. Деги эле арабызда ачканы тойгузуп, муктаждарды камсыздаган адамдар бар экени кубанарлык. Быйылкы орозо айында эл үчүн жакшы саамалыктарды жасап жаткан айрым мекендештерибиз менен тааныштырабыз.

Токтогул районунда ачылган «Хадия» бекер таратуу дүкөнүнүн ээси Көкүмов Нурсултан: «Бекер дүкөндү бардык аймактарга жайылтууну көздөп атабыз»

– Нурсултан мырза, бул дүкөндү ачуу идеясы кандайча пайда болду?

– Күндөрдүн биринде туугандарыма каралашканы барып калдым. Таежебиз үйүн жыйнап, бир топ кийимдерди өрттөйм деп калды. Карасам кийиле турган эле кийимдер экен. Болгону аларга туура келбей калыптыр. Ыргыттырбай сурап алып кыйналып жашаган коңшуларыма алып келип бердим. Ал эски кийимдер үчүн кошунам кубанычта болду. Ошол окуядан кийин бирөөнө керексиз оокат кимдир бирөөгө керек экен деген ой келип дүкөн ачтым.

– Дүкөндө кандай товарлар бар?

– Бизде кийим-кечеден тышкары макарон, күрүч, май, шекер, балдардын такма жалаягы сыяктуу товарлар бар. Андан сырткары телевизор, кир жуучу машина, төшөк, палас, идиш-аяктар болуп жатат. Кыскасы, ким эмне алып келсе баары коюлат. Соопчулук иш кылам дегендер колунан келгенин алып келишет, биз аны муктаждарга беребиз.

– Бүгүнкү күндө ишиңер кандай жүрүп жатат?

– Азыр радио, интернет аркылуу жайылтып, жарнамалап жатабыз. Алып кеткендерге караганда алып келгендер азыраак. «Орозо айында соопчулук иштерди жасап коёлу», — деп акчалай алып келгендер бар. Бирок биз такыр акча албайбыз. Чындап Аллах ыраазычылыгы үчүн иштеп жаткандыктан акча алып өзүбүз тууралуу шек саноолорду жараткыбыз келбейт. Ал акчага базардан азык-түлүк алып келишин айтабыз.

– Бул дүкөнгө каалаган адам эле кирип керектүү нерсесин алып кете береби?

– Максатыбыз — өтө муктаждарга жардам кылуу. Бирок баары эле кире берет. Жакшы жашоодо жашагандар да келип: «Бекер турбайбы, ала берели» — дешет. Аларга өтө муктаж адамдарга гана берилерин түшүндүрөбүз. Ал эми чыныгы муктаждар келгенде эле билинет. Ошентсе да алардан паспортун, балдарынын күбөлүктөрүн талап кылабыз. Бизде үч китепче бар: бирөөсүнө алып келгендер, бирөөсүнө алып кеткендер жазылат, үчүнчүсүнө өтө начар шартта жашагандарды каттап коёбуз. Ошол каттоо аркылуу үйлөрүнө барып, чынында муктаж экенин текшерип мониторинг кылып турабыз.

– Бекер кызмат көрсөтүү кошумча түйшүк жаратпайбы?

– Жок, чын жүрөктөн Алланын ыраазычылыгы үчүн элге жардам бергим келет. Эч кандай пайда табуу оюмда жок. Керектүү нерсесин алып кетип жаткандардын көздөрүнөн кубаныч, ыраазычылык көргөндөгү ырахатты сөз менен жеткире албайм. Бул ишти келинчегим экөөбүз аткарабыз, ал үйдө үч бала менен тиричилик кылат. Дүкөн үйүбүздүн жанында болгондуктан, ал үчүн ыңгайлуу. Келгендерге керектүүсүн берип коюп оокатын кыла берет. Дүкөн түшкү саат 12:00дөн түнкү саат 23:00гө чейин иштейт. Мен болсо жумуштан сырткаркы убактымда үйлөрдү кыдырып мониторинг кылам. Токтогул районунун элине абдан ыраазымын, биздин демилгени жакшы кабыл алып болгон жардамдарын берип атышат. Кудай кааласа, бул ишибизди Рамазан айы менен эле чектеп койбой күзгө чейин Кыргызстандын башка аймактарына да жайылтууну көздөп атабыз.

 

Орозонун урматына бир күн жол акы албаган 176-маршруттун айдоочусу Тажибаев Илгиз: «Бекер иштегенимди жарыя кылгым келген эмес»

– 26 жаштамын, маршруттук такси айдаганыма жети жылдан ашты. Динге көз карашым жакшы, жума намазга барып, баяндарды угуп соопчулук иштерди кылуу керектигинен кабардар болуп турам. Мурунку жылы орозонун урматына элди бир күн болсо да бекер ташысам деп ниет кылгам. Бирок былтыр кичиавтобусумду сатып башка жумушка кетип калып, орозо айында ал оюмду ишке ашыра албай калып абдан өкүндүм. Кийин жумушум болбой айланып бул жакка кайра келдим. Быйылкы орозодо баягы ниетим эсиме түшүп жубайым менен кеңешсем, ал да туура көрдү. Экөөбүз түндө ак кагазга калем менен жазып чаптап даярдап, эртеси бекер иштөөгө чыктым.

– Эл кандай кабыл алды?

– Таң калгандар абдан көп болду. Кайра-кайра он сомун сунуп жигиттер: «Тамашалап атасызбы?» — дешсе, «байке, акча албай мага тийишип жатасызбы?»- деген кыздар болду. Улуулар батасын берип, жаштар ыраазы болуп атышты. Күндө төрт жолу айланчумун, ал күнү да дал ошол эле режим менен иштедим. Колдон келишинче элди көп алганга умтулуп жаттым. Негизи Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кылган ишти элге жарыя кылбай, жашыруун кылсаң жакшыраак делет. Мен түшүнүктүү болушу үчүн гана сыртына жазып алганым болбосо жарыя кылууну каалаган эмесмин. Бирок элди токтото албайт экенсиң, интернетке чыгарып жиберишиптир. – Бул аракетиңизди колдогон кесиптештериңиз болдубу? – Алар абдан жакшы кабыл алышты, үч-төртөө мендей болуп: “Орозо бүткөнчө бир күн элди бекер ташыйм”, — деп ниет кылып атышат. Ал эми СССР убагында тарбияланып атеист болуп калган байкелер анча жактырышкан жок. Мен бул иштен ырахат алдым.

15 күн бекер ооз ачтыруу уюштурган «Умма» ислам журналынын башкы редактору Элиана-Мариям Сатарова: «Максатыбыз — ушул иш-чара аркылуу бири-бирибизге кайрымдуулук кылуу» – Элиана айым, 15 күн бою ооз ачыруу иши кимдер тарабынан ишке ашууда? – «Рамазан чатыры» социалдык-маданий долбоорунун максаты — муктаждарга ооз ачыруу менен бирге майрамдык маанай тартуулоо. «Умма» ислам интеллектуалдык журналы ушуну менен экинчи ирет ооз ачтыруу уюштуруп атабыз. Алдын ала 15 күндө ооз ачтыра тургандардын тизмеси катталган, тизмеде башка өлкөлөрдүн элчиликтери, ар кандай фонддор, уюмдар, Кыргызстанда жашаган дунгандар, уйгурлар бар. Алар мусулмандарга ооз ачтыруу менен мусулмандардын маданиятын өз көздөрү менен көрүшөт. Кыргызстан элинин башка улуттар менен достугунун бекемдигин да билдирет десек болот. Максатыбыз — ушул иш-чара аркылуу бири-бирибизге кайрымдуулук кылуу.

– Каалоочулардын баары барып ооз ачса болобу же чектөө барбы?

– Биз бул иш-чарага муктаж үй-бүлөлөрдү чакырганбыз. Аларды социалдык тармактардан, тааныштар аркылуу, Социалдык коргоо министрлиги аркылуу, ар кандай уюмдардын жардамы менен таптык. Алардын да болжолдуу тизмеси 15 күнгө бөлүнгөн. Кезеги келгенде келип ооз ачып турушат. Арасындагы майып адамдарды атын атагысы келбеген кайрымдуу байкелер ооз ачуудан кийин үйлөрүнө жеткирип коюп жатышат.

– Сиздерден күн сайын канча адам ооз ачууда?

– Иш-чарабыз эң көп дегенде 250 адамга ылайыкташкан. Ар бир күнү ар бир уюм же элчилик ооз ачтыргандыктан өзүлөрүнүн каалоосуна жараша тамак-аш даярдашат. Биз азыктардын баары орозо айына ылайык келишине маани беребиз.

Динара ЧОКОЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу